21-сентябрь: Түйшүк тартууга каршы колдонулган ок-дарылар

Jakshy Kabar Media

21-сентябрь: Түйшүк тартууга каршы колдонулган ок-дарылар

Жон Пайперден насаат сөз

«Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла».

Филипиялыктар 4:6

Биз муктаждыктарыбызды Кудайга айтканыбызда, ыраазы болгон нерселерибиздин бири – Анын убадалары. Анын убадалары кабатырланууну жараткан ишенбестикти жок кылууда колдонулган күчтүү ок-дарылар болуп саналат. Мен аларды мындайча колдоном:

Өзүм кылып жаткан кызматымдан эч кандай пайда чыкпарын жана бекер эле убара болуп жатканымды ойлоп кабатырланып баштаганымда, ишенбестикке каршы Ышайа 55-бөлүм 11-аяттагы убаданы колдоном: «Ошол сымал Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт, бирок Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат».

Ал эми өз жумушумду кылганга алым такыр калбай калганына кабатырлана баштаганымда, ишенбестикке каршы Машаяктын убадасын колдоном: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот» (2 Корунттуктар 12:9).

Келечекке тиешелүү кандайдыр бир чечимдерди чыгарып жатып кабатырланганымда болсо, ишенбестикке каршы төмөнкү убаданы колдоном: «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө» (Забур 31:8).

Каршылаштар менен беттешип жатып кабатырланууга алдырганымда, ишенбестиктикке каршы «Эгерде Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы чыга алат?» деген убаданы колдоном (Римдиктер 8:31)

Өзүмдүн жакын адамдарымдын сак-саламаттыгын ойлоп кабатырланганымда, ишенбестикке каршы «Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык» деген убаданы колдоном (Матай 7:11).

Рухий жактан олку-солку болбоо үчүн күрөшкөнүмдө болсо, Машаяк үчүн үй-жайын, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же энесин, же атасын, же аялын, же балдарын, же жерин таштаган адам азыр, бул дүйнөдө, куугунтук учурунда да жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, ата-энеге, балдарга жана жерге, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болорун өзүмө эстетем (Марк 10:29-30).

Ал эми ооруп калганыма кабатырлансам, ишенбестикке каршы «Адил адамдын кайгысы көп, бирок Теңир аны бардык кайгысынан куткарат» деген убаданы колдоном (Забур 33:20).

Төмөнкү убаданы эстегенимде болсо толкунданам: «Бул нерсе менен гана эмес, кайгылар менен да мактанып жатабыз. Анткени биз кайгы аркылуу чыдамкайлык, чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз. Ал эми үмүт уят кылбайт, анткени Кудайдын сүйүүсү бизге берилген Ыйык Рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөн» (Римдиктер 5:3-5).

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (60-61-беттер).