20-сентябрь: Адамдар чыныгы ырахатты анчалык көп издешпейт

Jakshy Kabar Media

20-сентябрь: Адамдар чыныгы ырахатты анчалык көп издешпейт

20-сентябрь
Адамдар чыныгы ырахатты анчалык көп издешпейт
Жон Пайперден насаат сөз

«Жер үстүндө байлык жыйнабагыла. Жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар үйдүн түбүн казып кирип, уурдап кетишет. Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Асманда аларды күбө жебейт, дат баспайт, уурулар үйдүн түбүн казып киришпейт да, уурдап кетишпейт».

Матай 6:19-20

Чоң финансылык уюмдардан ушул кабарды жар салуу керек: Дүйнөлүк адамдар! Силер ырахатты анчалык көп издебейсиңер!

Ырахаттын жарыбаган 2% үстөгүнө ыраазы болгонду токтоткула! Аны инфляциянын курттары жеп, өлүм чиритип жок кылат. Анын ордуна, эң ишенимдүү болгон, көп пайыз үстөк алып келген жана асмандын кепилдиги бар ырахатка акча салгыла!

Байлыктан жыргалчылык, коопсуздук жана ырахат издегенге өмүрдү коротуу такыр киреше бербеген нерсеге бүт акчаңды сарптаганга окшош. Ал эми сүйүүнүн эмгегине өмүрүбүздү арнасак, андан алган түгөнгүс кубанычка эч нерсе жетпейт:

«Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр сыяктуу таратып бергиле. Өзүңөргө эскирбес капчык жасагыла, кемибес кенчти ууру жолобос, күбө жебес жерде, асманда жыйнагыла» (Лука 12:33).

Чоң сүйүнчү мына ушул: Машаякка келгиле! Анын алдында толук кубаныч жана түбөлүк жыргал бар. Бизге кошулуп, машаякчылык ырахат үчүн эмгектенгиле. Себеби Теңир мындай дейт: бул ырахат дүйнөдөгү байлык берген жыргал турмушка караганда алда канча баталуу! Ага ээ болгондор бул дүйнөдө жана түбөлүккө баталуу болушат.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (129-бет).