19-сентябрь: Биздин сөз менен сүрөттөп бере алгыс артыкчылыгыбыз

Jakshy Kabar Media

19-сентябрь: Биздин сөз менен сүрөттөп бере алгыс артыкчылыгыбыз

19-сентябрь
Биздин сөз менен сүрөттөп бере алгыс артыкчылыгыбыз
Жон Пайперден насаат сөз

«Кудай Мусага: “Мен Бар Болуп Туруучумун…”, – деди».

Чыгуу 3:14

«Мен Бар Болуп Туруучумун» деген ажайып ысымдын бир мааниси – кудурети жана бийлиги чексиз жана эч кимден көз каранды болбогон Кудайдын Ыйса Машаякта бизге келгенин билдирет.

Жакандын жакшы кабарынын 8-бөлүмүнүн 56-58-аяттарында Ыйсанын жүйүт эл башчыларынын айткан сынына жооп бергени жазылган. Ал: «Атаңар Ыбрайым Менин күнүмдү көрөм деп кубанган жана көрүп кубанды», – дейт. Анан жүйүттөр Ага: «Өзүң элүү жашка чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүңбү?» – дешет. Анан Ал: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун», – деп жооп берет.

Ыйса Өзүн көтөрүш үчүн айткан мындан өткөн сөз барбы! Ыйса: «Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун», – дегенде, Кудайга тиешелүү ажайып чындыкты камтыган ысымды толугу менен Өзүнө алып, аны кулдун момундугу менен чулгап, козголоң чыгарган биздин күнөөбүздүн кунун төлөө үчүн Өзүн курмандык катары сунуш кылган жана бизге кудурети жана бийлиги чексиз жана эч нерсеге муктаж болбогон Кудайдын даңкын коркпостон көргөнгө жол ачкан.

Ыйса Машаякта Кудайдан төрөлгөн биз «Мен Бар Болуп Туруучумун» деген Кудайды Ата катары таануу артыкчылыгына ээбиз.

Ал –

  • бар болгон,
  • Өзүнүн инсандык касиетин жана күчүн Өзү гана аныктаган,
  • эч качан өзгөрүлбөгөн,
  • ааламдагы бардык күч жана энергиянын булагы болгон
  • жана бардык жаратылышты Өзүнө ылайыкташып жашай турган кылып жараткан Кудай.

Кудайдын ысымын билгендер Ага таянышсын (Забур 9:10).

«Мен Бар Болуп Туруучумун» аттуу насааттан үзүндү.