18-сентябрь: Чыныгы эркиндик

Jakshy Kabar Media

18-сентябрь: Чыныгы эркиндик

18-сентябрь
Чыныгы эркиндик
Жон Пайперден насаат сөз

«Ыйса Өзүнө ишенип калган жүйүттөргө мындай деди: «Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер. Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат».

Жакан 8:31-327

Чыныгы эркиндик деген эмне? Сиз эркинсизби? Сиз өзүңүздү толук эркин деп эсептешиңиз үчүн, төмөндөгү төрт нерсе болушу керек:

  • Эгерде сизде бир нерсени кылганга каалоо жок болсо, анда аны толук эркиндик менен кылбайсыз. Албетте, кылгыңыз келбеген нерсени өзүңүздү зордоп кылсаңыз болот, бирок аны эркиндик дегенге такыр болбойт. Биз мындай жашагыбыз келбейт да. Бир нерсени кылгыбыз келбесе, өзүбүздү кыйналгандай, мажбур болгондой сезет эмеспизби.
  • Ал эми бир нерсени кылганга каалооңуз бар болсо, бирок аны кылганга жөндөмүңүз болбосо, анда аны кылганга дагы эле эркин эмессиз.
  • Ал эми каалооңуз да, жөндөмүңүз да болсо, бирок мүмкүнчүлүңүз жок болсо, анда аны кылганга дагы эле эркин эмессиз.
  • Ал эми каалооңуз да, жөндөмүңүз да, мүмкүнчүлүгүңүз да болсо, бирок акырында ал нерсе сизге кыйроо алып келсе, анда ал нерсени кыла алсаңыз да, дагы эле толук эркин эмессиз.

Толук эркин болушуңуз үчүн, сизде каалоо да, жөндөм да, мүмкүнчүлүк да болушу керек жана ал нерсе сизди түбөлүккө бактылуу кыла алгандай болушу керек. Анын артынан эч кандай өкүнүү болбошу керек. Ал эми мындай эркиндикти биз үчүн өлүп, кайра тирилген Кудайдын Уулу Ыйса гана бере алат.

«Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар» (Жакан 8:36).

«Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат» аттуу насааттан үзүндү.