17-сентябрь: Чагылгандуу жаанда Кудайга табынуу

Jakshy Kabar Media

17-сентябрь: Чагылгандуу жаанда Кудайга табынуу

17-сентябрь
Чагылгандуу жаанда Кудайга табынуу
Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени асмандын бир четинен экинчи четине чейин чагылган кандай жаркыраса, Адам Уулу да Өзү келген күнү ошондой болот».

Лука 17:24

Бир күнү түндө Чикагодон Миннеаполиске бирин-серин адам отурган самолётто учуп бараткам. Бир маалда учкуч Мичиган көлүнүн үстүндө Висконсин тарапта чагылгандуу жаан жаап жатканын, андыктан самолёт аяк-быякка чайпалбашы үчүн, көлдү айланып өтө турганын жарыялап калды.

Самолёттун чыгыш тарапты караган терезесинен сырттагы капкара болгон асманды карасам, капысынан чагылган жарк деп, самолёттун төмөн жагында эбегейсиз чоң чуңкурдай болгон ак булуттар көз ирмемге көрүнүп, кайра жок болуп кетти.

Андан соң дароо эле түндүктөн түштүккө созулган узун тамырдай болгон чагылган чарт этип, кайра караңгыга сиңип кеткендей болду. Көп өтпөй тынымсыз чагылган чартылдап, туңгуюктай болгон кара булуттар менен алыстагы чоң тоолордой болгон ак булуттардын ичинен жарык жарк-журк этип чыгып баштады.

Аны көргөн мен өз көзүмө ишене албайм отурдум. Оо Эгедерим, бул чагылгандар Сен кылычыңды курчутканыңдан чыккан учкундар болсо, анда Сен чындап келген күнү эмне болот! Анан Машаяктын сөздөрү эсиме түштү: «Анткени асмандын бир четинен экинчи четине чейин чагылган кандай жаркыраса, Адам Уулу да Өзү келген күнү ошондой болот» (Лука 17:24).

Азыр да ошондо көргөндөрүмдү эстесем, даңк деген сөз эмнени билдирерин толук сезип кетем. Анан менин жүрөгүмдү ойготуп, Өзүн таанууга, көрүүгө, машаякчылык кубанычка бөлөнүүгө жана Даңктын Падышасына табынууга кызыктырганы үчүн, Кудайды кайра-кайра даңктайм. Кудайдын тойканасы абдан чоң. Ага баралы.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (108-109-беттер).