16-сентябрь
Жаныбызды биротоло жыргата турган нерсе
Жон Пайперден насаат сөз
«Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет».
Забур 26:4
Күнөөлөрү үчүн өкүнүп, тобо кылган адамдын эңсеген нерсесин Кудай бербей койбойт. Ал келип, бизди күнөөнүн оор жүгүнөн арылтып, жүрөгүбүздү кубаныч жана ыраазычылыкка толтурат. «Сен менин кайгымды шаттыкка айланттың, үстүмдөгү зумбалды чечип, белимди кубаныч менен курчадың. Жаным Сени даңктасын, басылбасын. Теңир, Кудайым! Мен Сени түбөлүк даңктаймын» (Забур 29:12-13).
Бирок биздин кубанычыбыз Кудайга мурун берген ырайымы үчүн ыраазы болуудан эле эмес, келечекке үмүт менен кароодон да келет: «Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм» (Забур 41:6).
«Мен Теңирден үмүттөнөм, жаным үмүттөнөт. Мен Анын сөзүнө таянам» (Забур 129:5).
Акыр-аягы жүрөктүн эңсеген нерсеси Кудайдын жакшы белектери эле эмес, Кудайдын Өзү. Жаныбызды биротоло жыргата турган нерсе – бул Аны көрүү, Аны таануу жана Анын алдында болуу. Мындан өткөн эңсөө жок. Муну сөз менен сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Мындай тажрыйбаны биз ырахат, кубаныч, жыргалчылык деп коёбуз. Бирок бул сөздөр чыныгы тажрыйбаны толук сүйрөттөй албайт:
«Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет». (Забур 26:4)
«Сенин алдыңда – толук кубаныч, оң колуңда – түбөлүк жыргал». (Забур 15:11).
«Теңир менен кубан» (Забур 36:4).
«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (87-бет).