15-сентябрь: Жалгыз туруктуу кубаныч

Jakshy Kabar Media

15-сентябрь: Жалгыз туруктуу кубаныч

15-сентябрь
Жалгыз туруктуу кубаныч
Жон Пайперден насаат сөз

«Ошол сыяктуу эле силер да азыр кайгырып жатасыңар. Бирок Мен силерди кайра көрөм, ошондо жүрөгүңөр кубанычка толот жана ал кубанычты силерден эч ким тартып албайт».

Жакан 16:22

«Кубанычты силерден эч ким тартып албайт», себеби бул кубаныч Ыйса менен бирге болуудан келет, ал эми Ыйсанын кайра тирилүүсү биз эч качан өлбөй тургандыгыбызды, эч качан Андан ажырабай тургандыгыбызды билдирет.

Демек, биз кубанычыбызды эч качан жоготпошубуз үчүн, эки нерсе болушу керек. Биринчиден, кубаныч түбөлүктүү болушу керек; экинчиден, биз өзүбүз түбөлүк жашашыбыз керек. Биз өлө турган болсок же кубанычтын булагы убактылуу болсо, анда кубанычыбызды жоготобуз.

Баса, көп адамдар ушуга ыраазы болуп отуруп калышкан! Алар «Ичип жейли жана жыргайлы, анткени эртең өлөбүз» деген ой менен жашашат (Лука 12:19). Тамак түбөлүктүү эмес, биз да түбөлүктүү эмеспиз. Ошондуктан болушунча жыргап алалы. Мындай ой жүгүртүү өтө өкүнүчтүү нерсе!

Эгерде сиз да ушундай ой жүгүрткөнгө жакын болсоңуз, анда болушунча олуттуу ой жүгүртүп көрүңүз: сиздин кубанычыңыз Ыйса менен бирге болуудан келеби? Себеби ошондой болсо, «ал кубанычты… эч ким тартып албайт». Аны бул жашоодо да, болочок жашоодо да жоготпойбуз.

«Анткени Кудайдын Теңирибиз Машаяк Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин» (Римдиктер 8:38-39).

Ыйса менен бирге болуудан келген кубаныч – эч качан жок болбос кубаныч. Ал кубанычты Анын өлүмү да, биздин өлүм да тартып ала албайт.

«Жок болбос кубаныч» аттуу насааттан үзүндү.