14-сентябрь: Кудай бардык кем-карчыбызды толуктайт

Jakshy Kabar Media

14-сентябрь: Кудай бардык кем-карчыбызды толуктайт

14-сентябрь
Кудай бардык кем-карчыбызды толуктайт
Жон Пайперден насаат сөз

«Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт».

Филипиялыктар 4:19

Филипиялыктар 4-бөлүм 6-аятта Пабыл: «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла», – дейт. Андан соң кийинчерээк ушул эле бөлүмдүн 19-аятында келечектеги ырайымга тиешелүү болгон жана ар кандай түйшүктөн бошоткон убаданы берет: «Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт».

Эгерде биз келечектеги ырайымдын убадасына бекем ишенип жашасак, жүрөгүбүздө кам саноого орун калбайт. Кудайдын «даңктуу байлыгы» түгөнгүс. Ал чындап эле биздин келечегебиз үчүн кам санашыбызды каалабайт.

Бул үчүн биз Пабылдын сунуш кылган ыкмасын колдонуп, ишенбестик же кабатырланууга каршы келечектеги ырайымдын убадалары менен күрөшүшүбүз керек.

Мен өзүм кандайдыр бир тобокелдүү иш же жолугушуу жөнүндө кабатырланганымда, дайыма өзүм эң көп колдонгон убадалардын бири болгон Ышайа 41:10-аяттын жардамы менен ишенбестикке каршы күрөшөм.

Америкадан Германияга үч жылга кетип жаткан күнү атам алыстан коңгуроо кылып, аталган убаданы эсиме салган. Үч жыл бою өтө катуу кабатырланган маалдарда ушул убаданы беш жүз жолу өзүмө эстетсем керек. «Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм».

Кам саноого каршы Ышайа 41:10-аяттагы ушул убаданы колдонуп ушунчалык көп жолу күрөшкөндүктөн, жүрөгүмдө эч тынчсыздануу жок кездерде да, оюмда ушул убада акырын жаңырып тургансыйт.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (59-60-аяттар).