13-сентябрь: Түйшүк тартпоонун 7 себеби. 3-бөлүк

Jakshy Kabar Media

13-сентябрь: Түйшүк тартпоонун 7 себеби. 3-бөлүк

13-сентябрь
Түйшүк тартпоонун 7 себеби. 3-бөлүк
Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан: “Эмне жейбиз, эмне ичебиз?” же “Эмне киебиз?” – деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет. Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү».

Матай 6:31-34

Акыркы эки күндүн ичинде биз Ыйса айткан, ишенбестикке каршы жакшы күрөшүүгө жана тынчсыздануудан арылууга жардам берген жети убаданы камтыган Матай 6:25–34-аяттарды изилдедик. Бүгүн акыркы үч убаданы карап чыгабыз.

5-убада: «Ошондуктан: “Эмне жейбиз, эмне ичебиз?” же “Эмне киебиз?” – деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет» (Матай 6:31-32).

Кудай сиздин муктаждыктарыңызды билбейт деп ойлобоңуз. Ал алардын баарын билет. Анын үстүнө, Ал биздин «асмандагы Атабыз». Ал кайдыгерлик менен алыстан карап турбайт. Ал кам көрөт. Өз мезгили жеткенде, сиздин муктаждыктарыңызды толтурат.

6-убада: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет» (Матай 6:33).

Эгерде сиз өзүңүздүн жеке материалдык муктаждыктарыңыз жөнүндө тынчсыздануунун ордуна, жогорудагы нерсени кылганга умтулсаңыз, анда Ал сизди Анын эркин аткарганга жана Аны даңктаганга керектүү бардык нерсе менен камсыз кылат. «Ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет» дегенди мен ушундайча түшүнөм. Анын эркин аткарганга жана Аны даңктаганга керектүү болгон бардык тамак-аш, суусундук, кийим-кечек жана башка бардык нерселер кошулуп берилет. Анын максатын ишке ашыруу үчүн өлгөнгө туура келсе да, Ал мунун баарын Өзүнүн даңкы үчүн болушу үчүн, сизди керектүү бүт нерсе менен камсыз кылат.

Бул Римдиктер 8:32-аяттагы: «Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин» – деген убадага окшош. Андан кийин: «Бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ким ажырата алат? Кайгыбы, кысымчылыкпы, куугунтукпу, ачкачылыкпы, жылаңачтыкпы, коркунучпу, кылычпы?» Ыйык Жазууда жазылгандай: «Сен үчүн бизди күн сайын өлтүрүп жатышат. Биз алар үчүн мууздала турган койлор сыяктуубуз». Бирок мунун бардыгын бизди сүйгөн Кудайдын күчү менен жеңебиз», – деп уланат (Римдиктер 8:35-37). Ачка жана жылаңач калган убак да болушу мүмкүн. Бирок ошондо бизде жеңишке жетүүгө керектүү нерсенин баары болот.

7-убада: «Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү» (Матай 6:34).

Сиз көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңызга Кудай бир жолу дагы жол бербейт (1 Корунттуктар 10:13). Ар бир күнүңүзгө ылайык күчүңүз болушу үчүн, Ал бүт аракетин жумшайт (Мыйзамды кайталоо 33:25).

Ар бир күндүн өзүнө жараша кыйынчылыктары бар. Бирок Анын ырайымы менен кыйынчылыктар сиз көтөрө албагыдай көп болбойт. Анын ырайымы ар бир таңда жаңырып турат, ар бир күндүн кыйынчылыгы үчүн жетиштүү ырайым берилип турат (Жеремиянын ыйы 3:22-23). Ал Өзү жетиштүү ырайым менен камсыз кылбай туруп, сизден эч бир жакшы ишти кылууну талап кылбайт (2 Корунттуктар 9:8).

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 56-59-беттер.