12-сентябрь: Түйшүк тартпоонун 7 себеби. 2-бөлүк

Jakshy Kabar Media

12-сентябрь: Түйшүк тартпоонун 7 себеби. 2-бөлүк

12-сентябрь
Түйшүк тартпоонун 7 себеби. 2-бөлүк
Жон Пайперден насаат сөз

«Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар? Кийим үчүн эмнеге түйшүк тартасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы! Алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл, атак-даңктуу Сулайман да булардын бириндей кийинген эмес. Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!».

Матай 6:27-30

Матай 6:25–34-аяттарда Ыйса тарабынан иштелип чыккан, ишеним үчүн күрөшүүгө жана тынчсыздануудан арылууга жардам берген жети убада камтылган. Кечээ биз 1 жана 2-убадаларды карап чыкканбыз; бүгүн болсо 3 жана 4-убадаларга токтолобуз.

3-убада: «Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?» (Матай 6:27).

Бул убада – тажрыйбадан үйрөнө турган жөнөкөй чындык тууралуу убада: Тынчсыздануу сизге эч кандай жакшылык алып келбейт. Убада ушул. Бул негизги жүйөө эмес, бирок кээде биз өзүбүздү колго алып: «Жаным, бул тынчсыздануу таптакыр пайдасыз. Эч нерсени убада кылбайт. Сен өзүңдүн күнүңдү гана бузбастан, башкалардыкынын да бузулушуна себепкер болуп жатасың. Мындан баш тарт. Кудайга тапшыр. Жумушуңду уланта бер», – деп айтышыбыз керек.

Тынчсыздануу эч кандай жакшы нерсеге алып келбейт. Бул – убада. Ишениңиз. Ушуга жараша иш кылыңыз.

4-убада: «Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы! Алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл, атак-даңктуу Сулайман да булардын бириндей кийинген эмес. Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!» (Матай 6:28-30).

Талаа гүлдөрүнө салыштырмалуу сиз Кудай үчүн бир кыйла артыксыз, анткени сиз түбөлүк жашайсыз, андыктан Анын сүйүктүү балдары катары Аны түбөлүккө даңктай аласыз.

Ошого карабастан, Кудай жаратуучу күчкө жана камкордукка ушунчалык толуп тургандыктан, Өзүнүн камкордугун өмүрү бир эки күнгө гана созулган гүлдөргө да төгүп берет. Демек, Ал сөзсүз ошол эле күч жана чыгармачылык чеберчилик менен түбөлүккө жашай турган балдарына да кам көрөт. Биз бул убадага ишенип, тынчсыздануудан баш тартабызбы же жокпу – кеп ушунда.

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен алынган үзүндү, 56-59-беттер.