11-сентябрь: Түйшүк тартпоонун 7 себеби. 1-бөлүк

Jakshy Kabar Media

11-сентябрь: Түйшүк тартпоонун 7 себеби. 1-бөлүк

11-сентябрь
Түйшүк тартпоонун 7 себеби. 1-бөлүк
Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан силерге айтарым: “Эмне ичип, эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи! Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар».

Матай 6:25-26

Биз үч күн катары менен Ыйсанын Тоодогу насаат сөзүнүн үстүнөн ой жүгүртөбүз. Матай7 6:25-34-аяттарда, Ыйса тамак-аш жана кийим-кечекке байланыштуу тынчсыздануу тууралуу айтат. Бирок, чындыгында, Анын сөздөрү тынчсыздануунун бардык түрлөрүнө тиешелүү.

Жада калса, социалдык камсыздоо алда канча жакшы өнүккөн Америкада да эл акча-каражат, турак-жай, тамак-аш жана кийим-кечекке байланыштуу катуу тынчсызданышы мүмкүн. Ал эми жакырчылык жашоого чоң коркунуч туудурган жагдайларда жашаган машаякчылар жөнүндө айтпай эле койсок болот. Бирок Ыйса 30-аятта: «Ишеними аздар!» – деп биздин тынчсыздануубуз Атабыздын келечектеги ырайымы жөнүндөгү убадасына толук ишенбегенибизден келип чыгарын айтат.

Бул аяттарда (25–34) Ыйса тарабынан иштелип чыккан, ишенбестикке каршы жакшы күрөшүүгө жана тынчсыздануудан арылууга жардам берген жети убада камтылган. (Бүгүн биз 1 жана 2-убадаларды карайбыз – калгандарын кийинки эки күндүн ичинде карап чыгабыз).

1-убада: «Ошондуктан силерге айтарым: “Эмне ичип, эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи!» (Матай 6:25)
Сизди дене жана жашоо менен камсыз кылуу, тамак-аш жана кийим-кечек менен камсыз кылууга караганда алда канча татаал жана оор. Бирок, чындыгында, ошого карабастан, Кудай сизди жаратып, экөө менен тең камсыз кылган. Демек, Анын сизди тамак-аш жана кийим-кечек менен камсыздай алуусу шексиз.

Мындан тышкары, кандай гана болбосун, Кудай бир күнү денеңизди тирилтип, Өзү менен түбөлүккө мамиледе болушуңуз үчүн, өмүрүңүздү жана денеңизди сактап турат.

2-убада: «Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар!» (Матай 6:26).

Эгер Кудай өздөрүнүн азыгын табуу үчүн эч нерсе кыла албаган – сизге окшоп дыйканчылык кылып, өзүн өзү бага албаган канаттуулар сыяктуу арзыбаган жандыктарды азыктандырса, анда Ал, албетте, сизге керектүү нерселер менен сизди ого бетер камсыз кылат, анткени сиз канаттууларга караганда алда канча баалуусуз. Сиздин, канаттуулардан айырмаланып, Кудайга ишенүү, баш ийүү жана ыраазылык келтирүү аркылуу Аны даңктай ала турган укмуштуудай мүмкүнчүлүгүңүз бар.

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 56-59-беттер.