10-сентябрь: Тынчсызданууга каршы кантип күрөшсөк болот?

Jakshy Kabar Media

10-сентябрь: Тынчсызданууга каршы кантип күрөшсөк болот?

10-сентябрь
Тынчсызданууга каршы кантип күрөшсөк болот?
Жон Пайперден насаат сөз

«Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт».

1 Петир 5:7

Забур 55:4-аятта: «Мени коркунуч басканда, Сага таянам», – деп айтылат.

Байкасаңыз, бул жерде: «Мен эч качан коркпойм», – деп айтылбайт. Коркунуч чабуул жасаганда согуш башталат. Демек, Ыйык Китепте чыныгы ишенүүчүлөр тынчсызданууга кабылышпайт деп айтылбайт. Тескерисинче, Ыйык Китеп тынчсыздануу пайда болгондо, ага каршы кантип күрөшүү керектигин үйрөтөт.

Мисалы, 1 Петир 5:7-аятта: «Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт», – деп айтылат. Бул жерде силер эч качан тынчсызданууну сезбейсиңер деп айтылбайт. Тынчсызданууга кабылганыңарда, аларды Кудайга тапшыргыла деп айтылат. Жолдо кетип бара жатканыңызда ылай унааңыздын алдыңкы терезесине чачырап, убактылуу жолуңуз көрүнбөй, тынчсызданып баштаганыңызда, унааңыздын терезе тазалагычтарын иштетип, терезе жуугучуңуздун суусун чачыратыңыз.

Ошентип, күн сайын тынчсыздануу сезимине кабылган адамга менин жообум мындай: мындай нерсе аздыр-көптүр болуп турат. Башкаларда андай болбосо да, мен өспүрүм кезимден бери эле, мындай нерсе менен күрөшүп келем. Кеп, «Биз ага кантип каршы тура алабыз?» деген суроого жооп табышыбыз керектигинде.

Бул суроонун жообу төмөнкүдөй: тынчсызданууга каршы күрөшүү үчүн, ишенбестикке каршы күрөшөбүз жана келечектеги ырайымга болгон ишеним үчүн күрөшөбүз. Ал эми, мындай «жакшы күрөштө» Кудайдын келечектеги ырайымына тиешелүү болгон бекем убадалар тууралуу ой жүгүртүү жана Анын Рухунун жардамына таянуу аркылуу жеңишке жетсек болот (1 Тиметей 6:12; 2 Тиметей 4:7).

Терезе тазалагычтар ишенбестиктин ылайларынан тазалап туруучу Кудайдын убадалары. Ал эми айнек жуугучуңуздун суусу болсо – Ыйык Рухтан келген жардам. Күнөөдөн, анын ичинде тынчсыздануу күнөөсүнөн арылтуучу күрөштү Ыйык Рухтун жардамы жана чындыкка болгон ишеним менен жүргүзүү керек (2 Тесалоникалыктар 2:13).

Рухтун иши жана чындык сөзү улуу ишенимди куруучулар болуп эсептелет. Ыйык Рухтун жумшартуучу иши болбосо, Сөз өзү алдыңкы терезеде катып калган ишенбестиктин ылайларын тазалай албай калат.

Рух да, сөз да болуусу зарыл. Кудайдын убадаларын окуп, Анын Рухунан жардам сурап сыйынганыбызда, алдыңкы терезе тазарып, Кудай биз үчүн камдап койгон жыргалчылыкты көрө баштайбыз. Ошондо ишенимибиз бекемделип, тынчсыздануу жоголуп, унаабыз кайра тез жүрө баштайт.

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 56-бет.