9-сентябрь: Ырайым бекер болушу керек

Jakshy Kabar Media

9-сентябрь: Ырайым бекер болушу керек

9-сентябрь
Ырайым бекер болушу керек
Жон Пайперден насаат сөз

«Бардыгын Кудайдан алган жок белең? Эгерде бардыгын Андан алган болсоң, анда эмне үчүн албагансып мактанып жатасың?»

1 Корунттуктар 4:7

Куткарууну өзүңүз жашап жаткан үйдөй элестетиңиз. Ал сизди коргойт жана түбөлүккө жете турган тамак-аш жана суусундуктар менен камсыздайт. Ал эч качан чирибейт жана бузулбайт. Анын терезелери толук кубаныч берүүчү даңктын шооласына карай ачылып турат.

Кудай аны Өзү жана Өзүнүн Уулу үчүн кымбат баага курган жана аны сизге толугу менен бекер берген.

«Сатып алуу» келишими «жаңы келишим» деп аталат. Анын шарттары болсо төмөнкүлөр: «Бул үйдү белек катары кабыл алып, сиздин жаныңызда болгон Кудай Ата жана Уулунун кубанычына бөлөнүп жашасаңыз, анда бул үй толугу менен сиздики болот. Башка кудайларга сыйынып же жүрөгүңүздү башка байлыктарга буруп, Кудайдын үйүн булгабашыңыз керек, тескерисинче, ушул үйдө Кудай менен болгон мамилеңиздеги ырахатка малынып жашашыңыз керек».

Бул келишимге макулдугуңузду берип, бирок андан кийин юрист жалдап, үйдүн акысын ай сайын аз-аздан төлөп, карыздан кутулайын деген ниет менен график түзө баштасаңыз, акылсыз иш кылган болбойсузбу?

Андай кылсаңыз, сиз бул үйдү белек катары эмес, сатып алынган буюм катары кабыл алган болмоксуз. Ал эми Кудайдын жакшылыгы бекер болбой калмак. А сиз болсо Ал эч качан сизден күтпөгөн жаңы талаптардын кулуна айланасыз.

Эгерде ырайым бекер болсо, анда биз аны акы төлөнө турган нерсе катары карай албайбыз – ырайымдын нукура мааниси ушундай!

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 45-бет.