8-сентябрь: Кудайдын жакшылыгын кантип актайм?

Jakshy Kabar Media

8-сентябрь: Кудайдын жакшылыгын кантип актайм?

8-сентябрь
Кудайдын жакшылыгын кантип актайм?
Жон Пайперден насаат сөз

«Теңирдин мага кылган бардык жакшылыгын кантип актайм? Куткаруу чөйчөгүн кабыл алып, Теңирдин ысымын чакырам. Теңирге Анын бүт элинин алдында берген убадаларымды аткарам».

Забур 115:3-5

«Кудайдын мага кылган бардык жакшылыгын актоо» деген сөздөр мени оңтойсуздандырат. Себеби жакшылыгын актоо дегенди карызга берилген ырайым деп түшүнүп, Кудайдын мындай чоң жакшылыгын кайтарыш керек турбайбы деп ойлоп алышыбыз оңой.

Элчилердин иштери 17-бөлүм 25-аятта Пабыл: «Ал [Кудай] бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген – Ал Өзү», – дейт. Мындайча айтканда, биз Кудайга эч нерсе бере албайбыз же Ага эч кандай жакшылык кыла албайбыз, тескерисинче Ал бизге керектүү нерсенин бардыгын берет жана биз үчүн баарын кылат деген ойду айтат.

Ушул эле ой 1 Корунттуктар 15-бөлүм 10-аятта да айтылат: «Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага кылган ырайымы текке кеткен жок, мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды».

Ошондуктан биздин эч бир ишибиз Анын жакшылыгын актоо үчүн жасалган иш боло албайт, себеби ошондой иштердин өзү да Кудайдан келген белек болуп саналат. Кудай үчүн канчалык көп иш кылган сайын, Анын ырайымына ошончолук карыздар болобуз.

Демек, 115-забурда сөз болгон убадаларды аткарууну Кудайдын жакшылыгы үчүн төлөнгөн карыз деп түшүнүп албашыбыз үчүн, кеп биздин түшүнүгүбүздөгү жакшылыкты актоо эмес, Кудайдын тынымсыз берилип турган ырайымын даңазалаган башкача иш – «кабыл алуу» жөнүндө болуп жатканын түшүнүшүбүз керек. Биздин мындай ишибиз Кудай үчүн бир нерсе кыла аларыбызды билдирбейт.

Забурчу өзүнүн «Теңирдин мага кылган бардык жакшылыгын кантип актайм?» деген суроосуна мындай жооп берет: «Куткаруу чөйчөгүн кабыл алып, Теңирдин ысымын чакырам». Башкача айтканда, чөйчөктү толтуруу үчүн, Теңирдин ысымын чакырам. Теңирдин кылган жакшылыгын актоо Анын бергенин дагы кабыл алып, Анын түгөнгүс жакшылыгын даңазалоо дегенди билдирет.

Куткаруу чөйчөгүн кабыл алуу деген Теңирдин бизди толук кандырган куткаруусун (чөйчөк сыяктуу) колубузга алып, аны ичүүнү жана андан дагы сураганды билдирет. Муну кийинки сүйлөмдөн билсек болот: «Теңирдин ысымын чакырам». Көбүрөөк жардам сурап кайрылам. Кудай Өз ырайымы менен менин чакырганымды укса, мен эмне кылам? Жооп: Мен Аны дагы чакырам. Мага эч качан муктаж эмес, тескерисинче мен муктаж болгон сайын (дайыма ушундай болот эмеспи!) мага берешендик менен жакшылык кылып тургандыгы үчүн, Аны даңктайм жана мактайм.

Андан соң, үчүнчүдөн, забурчу: «Теңирге… берген убадаларымды аткарам», – дейт. Бирок убадаларды кантип аткарам? Куткаруу чөйчөгүн кабыл алып, Теңирдин ысымын чакыруу аркылуу аткарам. Башкача айтканда, дагы да көп ырайым – бардык муктаждыктарымды канааттандырган ырайым берилерине ишенүү аркылуу аткарам.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (37-38-беттер).