31-август: Арстан жана Козу

Jakshy Kabar Media

31-август: Арстан жана Козу

31-август
Арстан жана Козу
Жон Пайперден насаат сөз

«Мына, Менин тандап алган Кулум, Менин Сүйүктүүм, Мен Ага ыраазымын. Мен Ага Өзүмдүн Рухумду берем, Ал элдерге акыйкаттыкты жар салат. Ал кыйкырбайт, үнүн көтөрбөйт, көчөдөн Анын үнүн укпайсың. Акыйкаттыкты жеңишке жеткирмейинче, чала сынган камышты сындырып салбайт, түтөп жаткан чырактын билигин өчүрүп салбайт. Анын ысымына элдер үмүттөнүшөт».

Матай 12:18-21; Ышайа 42-бөлүмдөн алынган шилтеме

Уулунун кул сыяктуу момун жана кайрымдуу болгону Кудай Атага чоң кубаныч тартуулап, Аны абдан ыраазы кылат.

Кудайдын Кулу сынып калчудай болуп ийилип калган камышты назик колдору менен түздөп, бүгүлгөн жери айыкканча кармап турат. Чырактын билиги түтөп, эч кандай жарык же жылуулук бербей жатканда, Кудайдын Кулу аны бармагы менен басып өчүрүп салбай, алаканы менен аны курчап, отту кайра жандандыруу үчүн акырын үйлөйт.

Ошондуктан Ата: «Мына, Менин тандап алган Кулум… Мен Ага ыраазымын», – деп жарыялайт. Уулду кадыр-барктуу жана сулуу кылып турган нерсе бир эле Анын улуулугу же момундугу эмес, бирок бул эки сапаттын жеткилең деңгээлдеги айкалышуусу.

Аян китебинин 5-бөлүмүнүн 2-аятында периште: «Мөөрлөрдү алып таштап, китепти ачууга ким татыктуу?» – деп кыйкырып сураганда, «Ыйлаба, мына, Жүйүт уруусунан, Дөөттүн тукумунан чыккан Арстан жеңип чыкты. Мына Ошол жети мөөрдү алып таштап, китепти ача алат» деген жооп берилет (Аян 5:5).

Кудайга Жүйүт уруусунан чыккан Арстандын күчү абдан жагат. Ушул себептен Кудай Аны тарыхтын түрмөктөрүнө басылган мөөрлөрдү алып таштап, акыр заман тууралуу аянды ачканга татыктуу деп эсептейт.

Бирок бул Уулдун толук сүрөттөмөсү эмес. Арстан кантип жеңишке жетти? Кийинки аятта анын көрүнүшү сүрөттөлөт: «Анан мен тактынын, төрт тирүү жандыктын жана аксакалдардын ортосунда мууздалган сыяктуу Козу турганын көрдүм» (Аян 5:6). Ыйса Кудай Атага бир эле Жүйүт уруусунан чыккан Арстан катары эмес, мууздалган Козу катары да чоң кубаныч тартуулайт.

Жерге адам болуп келген Кудайдын Уулу Ыйса Машаяктын даңкынын өзгөчөлүгү мында ушунда: улуулук менен момундуктун укмуштуу айкалышуусунда.

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен алынды (29-30-беттер).