30-август: Жыйындын Кудайдын жолу менен өсүүсү

Jakshy Kabar Media

30-август: Жыйындын Кудайдын жолу менен өсүүсү

30-август
Жыйындын Кудайдын жолу менен өсүүсү
Жон Пайперден насаат сөз

«Табигый жол менен төрөлгөн балдардын баары эле Кудайдын балдары эмес, Кудайдын убадасы боюнча төрөлгөн балдар гана чыныгы тукум болуп эсептелет».

Римдиктер 9:8

Байыркы Келишимдеги Ыбрайым жыйын жетекчиси болгонун элестетиңиз. Теңир ага: «Мен сага батамды берип, сенин кызматыңды гүлдөтүп-өстүрөм», – дейт. Бирок жыйын бош жана бала төрөбөйт.

Ыбрайым эмне кылат? Ал Кудайдын кереметтүү жол менен жагдайга кийлигишүүсүнөн үмүт үзө баштайт. Ал улгайып баратат. Анын аялы дагы эле төрөй албайт. Ошентип Ыбрайым Кудай убада кылган баланы Анын кийлигишүүсүз эле ишке ашырмакчы болот. Өзүнүн аялынын кызматчысы Ажар менен жатат (Башталыш 16:4). Бирок натыйжада «Кудайдын убадасы боюнча» эмес, «табигый жол менен төрөлгөн» бала Ысмайыл пайда болот.

Анан Кудай «Саарага батамды берем, андан элдер, элдердин падышалары чыгат» деген сөздөрдү айтып, Ыбрайымды катуу таң калтырат (Башталыш 17:16). Ошондо Ыбрайым Кудайга: «О, Сенин алдыңда Ысмайыл эле тирүү жүрсө экен!» – деп жалбарат (Башталыш 17:18). Ал Кудайдын убадасын өзүнүн табигый адамдык аракети менен ишке ашырууну каалап жатат. Бирок Кудай: «[Жок,] Сага аялың Саара өзү уул төрөп берет», – дейт. (Башталыш 17:19).

Бирок Саара 90 жашта. Ал өмүр бою төрөбөс болгон, эми анын аялдарга мүнөздүү нерсеси да токтоп калды (Башталыш 18:11). Ыбрайым болсо 100 жашта. Андыктан экөөсүнүн жалгыз үмүтү – Кудайдын табияттан тышкаркы таң калыштуу жол менен кийлигишип, аларды балалуу кылышы.

«Кудайдын убадасы боюнча төрөлгөн», б.а. «кандан эмес, дененин каалоосу менен эмес, эркектин каалоосу менен эмес, Кудайдан төрөлгөн» балага ээ болуу деген ушуну билдирет (Жакан 1:13). Бул дүйнөдө убада боюнча табияттан тышкаркы жол менен төрөлгөн балдар гана Кудайдын балдары боло алат. Галатиялыктар 4:28-аятта Пабыл: «Бир туугандар, силер да Ыскакка окшоп, убада боюнча төрөлгөн балдарсыңар», – дейт. Силер – табигый жол менен эмес, «Рух боюнча төрөлгөн» балдарсыңар (Галатиялыктар 4:29).

Ыбрайым жыйын жетекчиси болгонун кайра элестетиңиз. Анын ою боюнча, анын жыйыны Кудай убада кылгандай өспөй жатат. Кудайдын табияттан тышкаркы жол менен кийлигишүүсүн күтө берип жадаган ал Ыйык Рухтун табияттан тышкаркы жол менен иштөөсүнө таянбай эле, «Ажар» деп аталган адамдык ыкмаларды ишке салып, жыйынга адамдарды «алып келүүнү» чечет.

Мындай кыла турган болсо, анын жыйыны Ыскактарга толгон жыйын эмес, Ысмайылдарга – Кудайдан төрөлгөн балдарга эмес, табигый жол менен төрөлгөн (денелик) балдарга толгон жыйын болот. Мындай өтө жаман ийгиликтен Кудай сактайсын! Албетте, бардык ыкмаларды ишке салып эмгектенсек болот. Бирок чечүүчү жана табияттан тышкаркы ишти дайыма Теңир Өзү жасашына жол беришибиз керек. «Атты согуш күнүнө карата даярдайт, бирок жеңиш Теңирден келет» (Накыл сөздөр 21:31).

«Оо, Теңир, бизге табигый жол менен эмес, убада боюнча төрөлгөн балдарды бере көр!» аттуу макаладан алынды.