29-август: Ыйса Машаякта болуунун алты мааниси

Jakshy Kabar Media

29-август: Ыйса Машаякта болуунун алты мааниси

29-август
Ыйса Машаякта болуунун алты мааниси
Жон Пайперден насаат сөз

«Ал бизди иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн каалоосунун жана ырайымынын негизинде куткарды, ыйык чакыруусу менен чакырып алды. Бул ырайым бизге кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун Машаяк Ыйса аркылуу көрсөтүлгөн».

2 Тиметей 1:9

«Ыйса Машаякта болуу» – бул таң калаарлык чындык. Машаяк менен биригүү, Ага байлануу – бул ɵтɵ кубанычтуу нерсе. Эгерде сиз «Машаяктын ичинде» болсоңуз, бул сиз үчүн эмнени билдирерине кɵңүл буруңуз:

  • Бул дүйнө жарала электен мурун, Машаяк Ыйса аркылуу сизге ырайым берилген. «Бул ырайым бизге кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун Машаяк Ыйса аркылуу көрсөтүлгөн» (2 Тиметей 1:9).
  • Бул дүйнө жарала электен мурун, Кудай сизди Машаяк Ыйса аркылуу тандап алган. «Ал бизди дүйнө жарала электен мурун Машаяк аркылуу тандап алган» (Эфестиктер 1:4).
  • Кудай сизди Машаяк Ыйса аркылуу ажырагыс сүйүү менен сүйөт. «Анткени Кудайдын Теңирибиз Машаяк Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин» (Римдиктер 8:38-39).
  • Машаяк Ыйса аркылуу сиздин күнɵɵлɵрүңүздүн куну тɵлɵнгɵн жана кечирилген. «Кудайдын мол ырайымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун төлөнүп, күнөөлөрүбүз кечирилди» (Эфестиктер 1:7).
  • Машаяк Ыйса аркылуу сиз Кудайдын алдында акталдыңыз жана Кудайдын Машаяктагы адилдиги сиздин адилдигиңиз катары эсептелди. «Машаяк аркылуу Өзүнүн алдында бизди адилеттүү кылыш үчүн, күнөөнү билбеген Машаякты биз үчүн күнөө кылды» (2 Корунттуктар 5:21).
  • Машаяк Ыйса аркылуу сиз жаңы адам жана Кудайдын уулу болуп калдыңыз. «Ошентип, ким Машаяктын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду» (2 Корунттуктар 5:17). «Анткени силер, бардыгыңар, Машаяк Ыйсага болгон ишенимиңер аркылуу Кудайдын балдарысыңар» (Галатиялыктар 3:26).

«Машаяк Ыйсанын ичинде» болуунун чексиз артыкчылыгын изилдөөдөн жана андан кубаныч алуудан эч качан тажабашыңыз үчүн сыйынам.

«Машаяк Ыйсанын ичинде болуунун таң калаарлык чындыгы» аттуу насааттан үзүндү.