28-август: Ыйсанын урматына кечирилгенбиз

Jakshy Kabar Media

28-август: Ыйсанын урматына кечирилгенбиз

28-август
Ыйсанын урматына кечирилгенбиз
Жон Пайперден насаат сөз

«Өз ысымың үчүн, Теңир, күнөөмдү кечир, анткени менин күнөөм чоң».

Забур 24:11

Эмне туура экенин билүү үчүн, Кудай кеңеше тургандай Анын Ɵзүнɵн жогору турган бир да бийлик жок. Эмне туура экенин билүү үчүн Ал эч кимден кеңеш сурабайт. Анын жеке баалуулугу – ааламдагы эң жогорку баалуулук. Демек, Кудай үчүн туура иш кылуу деген ушул эң жогорку баалуулукка ылайык иш-аракет кылуу дегенди билдирет.

Кудайдын адилдиги – бул Анын эң баалуу нерсеге, тактап айтканда, Ɵзүнүн жеткилеңдигине жана баалуулугуна карата болгон чексиз ынталуулугу, ошондон келген кубанычы жана ырахаты. Эгер Ал Ɵзүнүн түбөлүктөн бери келе жаткан жеткилеңдигин сактоо каалоосуна каршы иш-аракет кылса, анда Ал адилетсиз жана бурканга табынуучу болмок.

Кантип ушундай адил Кудай Өзүнүн жеткилеңдигин тебелеп-тепсеген биздей күнөөкөрлөргө Өзүнүн сүйүүсүн көрсөтө алат? Бирок Жакшы Кабардын таң калыштуу жери – бул биздин куткарылуубузга да Анын кудайлык адилдиги негиз болгондугунда.

Кудай Атанын Өз Уулуна болгон чексиз сый-урматы мендей кудайсыз күнөөкөргө Уул аркылуу сүйүүгɵ жана кабыл алынууга мүмкүндүк берди, анткени Ал Ɵз өлүмү аркылуу Атасынын адилеттигин канааттандырды.

Машаяктын жардамы менен эми биз забурчунун «Ɵз ысымың үчүн, Теңир, күнɵɵмдү кечир, анткени менин күнɵɵм чоң» деген сыйынуусун жаңы түшүнүк менен сыйына алабыз (Забур 24:11). Машаяктын кылган ишинин натыйжасында биз «Ɵз ысымың үчүн, күнɵɵмдү кечир» деген сыйынуунун ордуна «Ыйсанын ысымы үчүн, Кудай, күнɵɵмдү кечир» деп, жаңы түшүнүк менен сыйына алабыз.

1 Жакан 2:12-аятта: «Балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин күнөөлөрүңөр Машаяктын ысымынын урматына кечирилген», – деп айтылат. Ыйса күнөөнүн кунун төлөп, Кудайдын адилдиги талап кылган нерсени аткарды, ошондуктан «биздин күнөөлөрүбүз Анын ысымынын урматына кечирилди».

Кудай адилеттүү. Ал күнɵɵнү жɵн гана жаап-жашырып койбойт. Эгерде күнɵɵкɵр адам Кудайга акарат келтирген болсо, анда кимдир-бирɵɵ Кудайдын даңкынын чексиз баалуулугун коргошу керек. Машаяк так ушундай кылды. Ошондуктан: «Ɵз ысымың үчүн, Теңир» жана «Ыйсанын ысымы үчүн» деген сүйлɵмдɵрдүн мааниси бирдей. Мына ошондуктан, биз кечирим ала аларыбызга бекем ишенүү менен сыйына алабыз.

«Кудайдын кубанычтары» аттуу китептен алган үзүндү, 43-44-беттер.