27-август: Ыйса биздин бардык душмандарыбызды Өзүнүн бут алдына жыгат

Jakshy Kabar Media

27-август: Ыйса биздин бардык душмандарыбызды Өзүнүн бут алдына жыгат

27-август
Ыйса биздин бардык душмандарыбызды Өзүнүн бут алдына жыгат
Жон Пайперден насаат сөз

«Машаяк бардык бийликти, үстөмдүк кылуучулукту жана күчтү жоюп, Падышачылыкты Кудай Атага өткөрүп бергенден кийин, баарынын акыры келет».

1 Корунттуктар 15:24

Машаяктын бийлиги канчалык?

Кийинки 1 Корунттуктар 25-аятта: «Анткени Ал бардык душмандарын Өзүнүн бут алдына жыкканга чейин бийлик жүргүзүүгө тийиш», – деп айтылат. Бул аяттагы «бардык» деген сөз Анын бийлигинин чегин көрсөтөт.

Андан мурунку 24-аяттагы «бардык» деген сɵз да ошону билдирет: «Машаяк бардык бийликти, үстөмдүк кылуучулукту жана күчтү жоюп, Падышачылыкты Кудай Атага өткөрүп бергенден кийин, баарынын акыры келет».

Машаякта Ɵзүнүн ар-намысынын душманы катары жеңе албаган эч кандай оору, жаман нерселерге байлангандык, жин, жаман адат, жаңылыштык, кемчилик, алсыздык, ачуулануу, маанайы өзгөрмөлүк, текебердик, ɵзүн-ɵзү аягандык, уруш-талаш, кызганыч, бузукулук, ач-кɵздүк, жалкоолук жок.

Бул убада биз өзүбүздүн ишенимибиздин жана ыйыктыгыбыздын душмандарына каршы күрɵшүүнү чечкенибизде, жалгыз күрөшпөй турганыбызды эстетип, шыктандырып турат.

Ыйса Машаяк азыр ушул кылымда бардык душмандарын Ɵзүнүн бут алдына жыгып жатат. Бардык бийлик, үстөмдүк кылуучулук жана күч жеңилет.

Ошондуктан Машаяктын башкаруусу сиздин жашооңуздагы жана бул ааламдагы Анын даңкынын душмандарынын эң кичинесинен баштап, эң чоңуна чейин жетет. Алардын баары жеңилет.

«Ал бийлик жүргүзүшү керек» деген насааттан үзүндү.