26-август: Кɵлɵкɵлɵр жана агымдар

Jakshy Kabar Media

26-август: Кɵлɵкɵлɵр жана агымдар

26-август
Кɵлɵкɵлɵр жана агымдар
Жон Пайперден насаат сөз

«Теңир түбөлүккө даңктала берсин! Теңир Өз иштерин көрүп кубансын! Жерди караса, жер титирейт; тоолорго тийсе, тоолор түтөйт. Өмүрүм өткөнчө, Теңирди даңктап ырдай берем; көзүм тирүү турганда, Кудайымды ырдап даңктай берем. Ырдаган ырым Ага жаксын, Теңир менен кубанам».

Забур 103:31-34

Кудай Ɵзү жараткан иштери менен кубанат, анткени алар биздин көңүлүбүздү ɵздɵрүнɵ гана эмес, Кудайдын Ɵзүнө бурушат.

Кудай Ɵзү жараткан нерселер укмуш болгону үчүн гана, биздин аларга таң калып, алар менен суктанышыбызды каалабайт. Ал биздин Анын жаратылышына карап: «Эгерде Кудайдын колу (б.а. бармактары Забур 8:4) жасаган иштер ушунчалык акылмандыкка, күчкɵ, шаан-шɵкɵткɵ, улуулукка жана сулуулукка толгон болсо, анда мындай Кудайдын Ɵзү кандай болду экен!» – деп айтышыбызды каалайт.

Чынында, булар айнек аркылуу чала-була көрүнгөнсүгөн Анын даңкынын арткы тарабы гана. Жаратуучунун иштерин гана эмес, Анын Ɵзүнүн даңкын көргөндө кандай болот! Миллиардаган галактикалар адамдын жанын канааттандыра албайт. Жалгыз Кудайда гана жаныбыз жай табат.

Джонатан Эдвардс муну мындайча түшүндүргөн:

Биздин Кудайдагы ырахатыбыз (кубанычыбыз) – биздин жаныбызды канааттандыра алган жалгыз бакыт. Асманга жетип, Кудайдан толугу менен ырахат алуу азыркы жердеги эң сонун ырахат берүүчү нерселерден алда канча жакшы. . . . Булар бизге кɵрүнгɵн көлөкөлɵр гана; бирок чындык – Кудай Өзү. Булар чачыраган нурлар гана; бирок ошол нурларды чачыраткан күн – Кудай Өзү. Булар агып жаткан агымдар гана; бирок ошол агымдар агып чыккан океан – Кудай Өзү.

Мына ошондуктан 103-забур 31-34-аяттар кɵңүлдүн баарын Кудайга буруу менен аяктайт: «Кɵзүм тирүү турганда, Кудайымды ырдап даңктай берем….Теңир менен кубанам».

Акыр-аягында жүрөгүбүздү толкундатып, таң калтырган, оозубузду түбөлүктүү даңкка толтурган нерсе деңиздер, тоолор же капчыгайлар, суу жөргөмүштөрү, булуттар же зор галактикалар эмес, Кудайдын Ɵзү болот.

«Кудайдын кубанычтары» аттуу китептен алынган үзүндү, 94-95-беттер.