25-август: Кудайдын сүйүүсү эң таттуу болгон маал

Jakshy Kabar Media

25-август: Кудайдын сүйүүсү эң таттуу болгон маал

25-август
Кудайдын сүйүүсү эң таттуу болгон маал
Жон Пайперден насаат сөз

«Күйөөлөр, аялыңарды Машаяк Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машаяк Жыйын үчүн Өзүн берген. Ал Жыйынды сөз менен, суу менен жууп тазалап, ыйыктоо үчүн [Өзүн берген]».

Эфестиктер 5:25-26

Эгерде сиз Кудайдан эч нерсе талап кылбаган сүйүүнү гана алам деп үмүттөнсөңүз, мындай үмүтүңүз абдан жакшы, бирок өтө аз.

Себеби Кудайдан алган шартсыз сүйүү эң таттуу сүйүүнүн тажрыйбасы эмес. Кудай Өзүнүн сүйүүсү менен: «Мен сени Өзүмдүн Уулума ушунчалык окшош кылып жараттым, андыктан Мен сени көргөндө жана сени менен болгондо кубанычка толом. Сен Менин жанымды жыргатасың, себеби сенден Менин даңкым төгүлүп турат», – деп айтканда, Анын эң таттуу сүйүүсүнүн даамын таткан болобуз.

Сүйүүнүн мындай эң таттуу даамын татуунун бир шарты бар: бул үчүн биз өзгөрүлүп, сезимдери, чечимдери жана жүрүм-туруму Кудайга жаккан адамдарга айланышыбыз керек.

Шартсыз сүйүү – адамдын өзгөрүүсүнүн булагы жана негизи. Ал Кудайдын шарттуу сүйүүсүнүн таттуу даамын татканга мүмкүнчүлүк берет. Эгерде Кудай бизди шартсыз сүйбөсө, анда Ал биздин жагымсыз жашообузга келип, бизди ишенимге жетелемек эмес, бизди Машаяк менен бириктирип, бизге Өзүнүн Рухун бермек эмес жана бизди бара-бара Ыйсага окшоштуруу үчүн өзгөртмөк эмес.

Бирок Ал бизди шартсыз тандап, Машаякты биз үчүн курмандык болгонго жөнөтүп, бизди кайрадан төрөлткөндө, биздин ичибизде токтоосуз улана турган жана бизди даңктуу кыла турган өзгөрүлүү процессин ишке киргизет. Ошондо бизге Өзүнө эң көп жаккан Өзүнүн сулуулугун, улуулугун жана даңкын берет.

Бул жөнүндө Эфестиктер 5:25-27-аяттан окусак болот: «…Машаяк Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машаяк Жыйын үчүн Өзүн берген. Ал Жыйынды сөз менен, суу менен жууп тазалап, ыйыктоо үчүн… Өзүнүн алдына даңктуу кылып коюу үчүн Өзүн берген».

Биз ишенбеген жана күнөөкөр болгон кезде эле Кудайдын бизге шартсыз ырайым кылганы сөз менен сүрөттөп бере алгыс укмуш нерсе. Мунун укмуш болушунун эң негизги себеби мындай шартсыз сүйүүнүн (андан ары) биздин Анын даңкына бөлөнүп, андан түбөлүк ырахат алып жашашыбызга жол ачкандыгында.

Ал эми мындай ырахаттын туу чокусунда биз Анын даңкына гана ээ болбостон, өзүбүз да аны чагылдырып калабыз. «Теңирибиз Ыйса Машаяктын ысымы силер аркылуу даңкталышы үчүн [сыйынабыз]» (2 Тесалоникалыктар 1:12).

«Шартсыз сүйүүдөн да көп нерсеге болгон үмүт» китебинен алынды.