24-август: Жаратылыш жарыялаган кабар

Jakshy Kabar Media

24-август: Жаратылыш жарыялаган кабар

24-август
Жаратылыш жарыялаган кабар
Жон Пайперден насаат сөз

«Өздөрүн акылдуу эсептеп, акылынан ажырашты. Өлбөс Кудайдын даңкын жок боло турган адамдын, канаттуулардын, жаныбарлардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн бейнелерине алмаштырышты».

Римдиктер 1:22-23

Адам үйлөнгөндө таккан шакегин өзүнүн жубайына караганда көбүрөөк жакшы көрүп баштаса, абдан акылсыз жана өкүнүчтүү иш кылган болмок. Бирок жогорудагы аяттарда адамдар дал ошондой кылганы айтылат.

Адам баласы жаратылыштагы Кудайдын улуулугун чагылдырган нерселерди ушунчалык катуу сүйүп калгандыктан, сүйүүнүн, күчтүн жана даңктын эч нерсеге теңелгис жана нукура үнүн угуу жөндөмүн жоготуп коюшкан.

Жаратылыш бизге мындай кабарды жарыялайт:

Бул ажайып ааламды жараткан, даңкка, күчкө жана берешендикке толгон улуу Кудай бар. Силер Ага таандыксыңар, себеби силерди Ал жараткан. Адамзат Ага каршы козголоң уюштурган абалда жашап жатса да, Ал адамзатка чыдап, өмүр берип келет. Андыктан Анын колу жараткан нерселерге эмес, Ага кайрылгыла, Ага үмүт арткыла жана Андан кубаныч алгыла.

18-забурдун 2-3-аяттарында айтылгандай, ар бир жарык күн кулак салган адамдарга көздү, уялткан күн, көгүлтүр асман жана анда калкып жүргөн булуттар, көзгө көрүнгөн бардык нерселердин сөз менен сүрөттөп бере алгыс формалары, түстөрү жана түзүлүшү аркылуу «сүйлөп», ушул чындыкты кабарлап жатат. Ар бир түн да кулак салган адамдарга «билим» берип, бүт нерсени чулгаган караңгылык, жайында шооласын төккөн ай, сансыз жылдыздар, башкача бир үндөр, салкын жел жана түндүк уюл жарыгы аркылуу ушул эле кабарды жарыялап жатат.

Күн менен түн бир добуштан: «Кудайдын даңкы улуу! Кудайдын даңкы улуу! Кудайдын даңкы улуу! Чыныгы ырахатты, чыныгы канааттанууну Анын колунан жаралган нерселерден эмес, Анын Өзүнөн издегиле, даңктуу Эгедердин Өзү менен кубангыла!» – деп жарыялап жатышат.

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен алынды (85-86-беттер).