23-август: Кудай буркандарга табынуучу эмес

Jakshy Kabar Media

23-август: Кудай буркандарга табынуучу эмес

23-август
Кудай буркандарга табынуучу эмес
Жон Пайперден насаат сөз

«Мунун бардыгы Теңирибиз Ыйса Машаяк Өзүнүн бардык ыйыктарынын арасында даңкталыш үчүн жана бардык ишенгендер аркылуу таң калтырарлык улуулугу менен көрүнүш үчүн келген күнү болот».

2 Тесалоникалыктар 1:10

Пабыл айткандай, Машаяк даңкталуу жана таң каларлык улуулугу менен көрүнүш үчүн келет. Анын келейин деген максаты ушул.

Кудай Өзүн даңктагысы келет жана Өз элинин алкышына ээ болгусу келет деген окутууну ишенүүчүлөр түшүнө албай кыйналат, себеби Ыйык Китеп бизге андай даңкты издебеш керектигин айтат эмеспи. Мисалы, Ыйык Китеп сүйүү «өз пайдасын издебейт» деп окутат (1 Корунттуктар 13:5).

Кантип эле Кудай ушундай сүйүүгө ээ болуп туруп, толугу менен Өзүнө даңк, алкыш жана кубаныч издесин? Эгерде Ал толугу менен Өзүнүкүн издесе, кантип бизге пайдалуу болгон нерсени кылсын?

Бул суроолорго мен мындай деп жооп бермекчимин: Кудай чексиз даңктуу жана эч нерсеге такыр муктаж болбогон жападан жалгыз бир Зат болгондуктан, бизге ке7ректүү нерсени бериш үчүн, Ал Өзүнүкүн издеши керек. Адамдардын момун болгону туура, бирок Кудай да момун болушу керек дегенибиз туура эмес.

Эгерде Кудай чексиз кубанычтын булагы болгон Өзүнөн баш тартса, анда Ал Кудай болбой калмак. Анда Ал чексиз данкка татыктуу эмес экенин айткан болмок. Өзүнөн башка дагы да баалуу болгон бир нерсе бар экенин айткан болмок. Натыйжада Ал буркандарга табынуучу болуп калмак.

Мындай болгону биз үчүн такыр жакшы эмес. Себеби биздин Кудайыбыз (буркандарга табынып) адилетсиз иш кылса, анда биз башка кимге барабыз? Эгерде Кудай эң кымбат болгон Өзүн баалабай койсо, ааламда жеткилең адеп-ахлактуу Андан башка таянар тоону кайсы жерден табабыз? Кудай Өзү чексиз кымбат жана сулуу болгон Өзүнөн баш тартса, анда биз башка эмнеге суктанабыз?  

Жок, Кудай Өзүн даңктагысы келгенин Өзүн сүйүү деп эсептеп, андай кылганы туура эмес десек болбойт.

Тескерисинче, Кудай бизди чындап сүйгөндүктөн, биздин жүрөгүбүздө Өзүнүн ысымынын даңкталышын каалаганын түшүнүшүбүз керек. Кудайды улуулугу үчүн даңктаганыбызда, Анын даңкын толук тажрыйбалап, толук кубанычка ээ болобуз.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (47-бет).