22-август: Ыраазычылыктан келип чыккан даңктоо

Jakshy Kabar Media

22-август: Ыраазычылыктан келип чыккан даңктоо

22-август
Ыраазычылыктан келип чыккан даңктоо
Жон Пайперден насаат сөз

«Кудайым, Сени элдер даңктасын, Сени бардык элдер даңктасын!»

Забур 66:4

Эмне үчүн Кудай бизден даңктоону талап кылат?

К.С. Льюис мындай деген:

Адамдардын өздөрү баалаган нерсени өздөрү эле мактап башташы жана «абдан сулуу экен го? Укмуш бекен? Карачы, кандай гана ажайып!» деген сөздөрдү айтып, башкаларды да аны мактап баштаганга чакырышы кадыресе нерсе.
Баарыбыз эле өзүбүз баалаган нерсени мактаганыбыздай эле, забурчулар да бардык адамдарды Кудайды мактоого жана даңктоого чакырат. Биз өзүбүз бир нерсени ушунчалык катуу жактырсак, же бааласак, андан алган кубанычыбызды ичибизде ката албай, аны оозубуз менен мактап баштайбыз. Ал эми Кудай ааламдагы эң баалуу зат, эң баалуу Инсан болсо, албетте, Ага да ушундай мамиле кылышыбыз кадыресе нерсе. Мен мурун ушуну түшүнбөгөндүктөн, Кудай Өзүн даңктаганга бизди мажбурлайт деп туура эмес ойлоп жүргөн экем.  
Менимче, биз өзүбүзгө жаккан нерсени мактаганыбыздын себеби, жөн эле кубанычыбызды сыртка чыгаргыбыз келгенинде эмес, дагы да толугураак кубанычка жеткибиз келгенинде. Мактообуз кубанычыбызды чегине жеткирет. Сүйүшкөндөр да бири-бирине кошоматтык кылыш үчүн бири-биринин сулуулугун макташпайт да, тескерисинче алар дагы да толук кубанычка ээ болуш үчүн, макташат. 

Кудайдын Өзүнө мактоо издегендей жана бизден даңктоо талап кылгандай сезилгенинин себеби мына ушунда. Биздин кубанычыбыз дагы да толукталышы үчүн, Ал бизди Өзүн даңктоого чакырат. Биз өзүбүзгө жаккан нерсени мактайбыз, себеби ошондой кылмайынча биздин кубанычыбыз толук болбойт. Эгерде бизге өзүбүз баалаган нерсени мактаганга, өзүбүз жакшы көргөн нерседен алган кубанычыбызды сыртка чыгарганга жана өзүбүз суктанган нерсени даңктаганга жол берилбесе, анда биздин кубанычыбыз толук болмок эмес.

Демек, Кудай бизге толук кубаныч берерчелик деңгээлде бизди сүйгөндүктөн, бизге жөн эле Өзүн бербей, биздин жүрөгүбүздү да ээлеп алып, аны мактоого толтургусу келет. Ал Өзүнүн кандайдыр бир кемчилигин же жетишпеген жерин толукташ үчүн эмес, бизди сүйгөндүгү жана бизге толук кубаныч бергиси келгендиги үчүн ушундай кылат. Ал эми мындай кубаныч эч бир тирүү жан тең келе албас деңгээлде улуу болгон Аны таануудан жана Аны мактоодон келет.

Эгерде Ал чындап эле бизге эң чоң жакшылык кылгысы келсе, анда Ал Өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырышы керек (Өзүн даңкташы керек). Ааламда бир гана Анын Өзүнө даңктоо издегени эң чоң сүйүү болуп эсептелет. Ал үчүн Өзүн Өзү даңазалоо – эң жакшы иш. Ал бардык нерсени Өзүнүн «даңкы чыгышы үчүн» кылганда, бул дүйнөдө биздин эңсөөлөрүбүздү толук канааттандыра алган жалгыз нерсени бизге сунуш кылган болот (Эфестиктер 1:12, 14).

Кудай бизге жакшы болсун дейт! Ал бизди ушундай сүйгөндүктөн (жана бизге эң жакшы нерсени бергиси келгендиктен), Өзүнүн кызыкчылыгын дайыма издеп келген жана мындан кийин да дайыма издей берет.

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү (48-49-беттер).