21-август: Туруктуу, өзгөрбөс бакытка ээ Кудай

Jakshy Kabar Media

21-август: Туруктуу, өзгөрбөс бакытка ээ Кудай

21-август
Туруктуу, өзгөрбөс бакытка ээ Кудай
Жон Пайперден насаат сөз

«Силерде Менин кубанычым болсун деп, силерде толук кубаныч болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым».

Жакан 15:11

Кудайдын бийлиги чексиз.

«Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат» (Забур 113:11).

Ошондуктан Анын маанайы бузулгудай, Анын иши эч качан оңунан чыкпай калбайт. Тескерисинче, Ал адамзатты куткаруу тарыхындагы Өзүнүн жасаган иштерин түрдүү түстɵр менен бири-бирин толуктап турган укмуштуудай сүрɵт катары карап, тамшанып, алардан ырахат алат. Ал – ушундай ɵзгɵргүс жана туруктуу бакытка ээ болгон Кудай.

Анын бактылуулугу негизинен Ал Ɵзүнөн кубаныч алгандыгында. Бул дүйнɵ жарала электе, Ал Өзүнүн сүйүктүү Уулунун бейнесиндеги даңкы менен кубанган, Өзүнүн сүйүктүү Уулуна ыраазы болгон (Матай 3:17). Андан кийин Анын кубанычы жаратуу жана куткаруу иштери аркылуу «жалпыга маалым» болгон.

Бул иштер Кудайдын жүрөгүн кубантат, анткени алар Анын даңкын чагылдырып турат. «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат» (Забур 18:2). «Теңир түбɵлүккɵ даңктала берсин! Теңир Ɵз иштерин кɵрүп кубансын!» (Забур 103:31). Ал бардык иштерин ошол даңкты сактап калуу үчүн жана аны башкаларга көрсөтүү үчүн кылат, анткени бул Анын жанына кубаныч тартуулайт.

Кудайдын бардык иштери Анын куткарылган элинин даңктоолору менен туу чокусуна жетет. «Аны керемет иштери үчүн мактагыла, Аны чексиз улуулугу үчүн мактагыла» (Забур 150:2). Анын улуулугун жар салган ыйыктардын даңктоолору Ага кубаныч тартуулап, Аны бакыттын туу чокусуна жеткирет. «Ал аттын күчүнө карабайт, адамдын күлүктүгүнө ыраазы болбойт. Теңир Өзүнөн корккондорго, Өзүнүн ырайымына үмүттөнгөндөргө ыраазы болот» (Забур 146:10-11).

Бирок Кудайдын улуулугун жар салган биздин даңктообуз Кудайга гана кубаныч тартуулабастан, бизди да кубанычтын туу чокусуна жеткирет. Биздин даңктообуз Кудайдын улуулугун кɵрүп, андан даам таткандан пайда болгон кубанычыбыздын жыйынтыгы болуп саналат.

Демек, Кудайдын бизден даңктоо алууга умтулуусу менен биздин Андан кубаныч алууга умтулуубуз окшош. Бул – Машаяктагы Кудайдын ырайымынын даңкы жөнүндөгү Жакшы Кабардын эң сонун натыйжасы!

“Кудайды эңсɵɵ” аттуу китептен алынган үзүндү, 53-бет.