20-август: Ыйса – сиз издеп жүргɵн Инсан

Jakshy Kabar Media

20-август: Ыйса – сиз издеп жүргɵн Инсан

20-август
Ыйса – сиз издеп жүргɵн Инсан
Жон Пайперден насаат сөз

«Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом».

Матай 28:18-20

Матайдын китебинин акыркы бөлүмү – кайра тирилген Машаяктын күндүн чыгышындай болгон даңкын кɵрɵ алышыбыз үчүн ачылган терезе. Анын жардамы менен Машаяктын тоо кыркасындай болгон мүнөзүндɵ эң аз дегенде үч чоң чокуну көрүүгө болот: аларды Анын кудуретинин чокусу, боорукердигинин чокусу жана максатка умтулгандыктын чокусу деп атап койсок болот.

Ɵзүнүн эркин аткарууга болгон укук да, күч да, бардык бийлик да Ага таандык. Ал Ɵзүнүн бардык элдерден шакирт кылууга болгон өзгөрбөс максатын ишке ашыруу үчүн ушул күчтү колдонот. Ал эми бул ишти жасап жатканда Ал Ɵзүнүн боорукердигин бизге кɵрсɵтүп, акырына чейин биз менен болууну убада кылат.

Эгерде кайра тирилген Машаяк биздин улуулукка суктанууга болгон каалообузду канааттандыргысы келсе, анда Ал Ɵзү ошондой улуу болушу керектигин баарыбыз жүрɵгүбүздүн түпкүрүндө билебиз. Ал Ɵзүнүн бийлиги, боорукердиги жана максатка умтулгандыгы менен улуу.

Өздөрүнүн максаттарын ишке ашырганга өтө эле алсыз болгон адамдар биздин улуулукка суктанууга болгон каалообузду канааттандыра алышпайт. Ал эми жашоодо эч кандай максаты болбогон адамдарга андан да аз суктанабыз. Максаттары ɵз кызыкчылыгын кɵздɵгɵн ɵзүмчүл жана катаал адамдарда деги эле суктанарлык эч нерсе жок экенин айтпай эле койсо болот.

Биз баарыбыз күч-кубаты чексиз, боорукер жана назик, кайталангыс жана бекем максатка ээ болгон Инсанды кɵрүп, билгибиз керек.

Жазуучулар жана акындар, кино жаратуучулар жана телекөрсөтүүлөрдүн авторлору кез-кезде ушундай Инсандын образын жаратканга аракет кылышат. Бирок менин Улуу Каньонду көрүүгө болгон каалоомду ушул айдын National Geographic журналы канааттандыра албагандай эле, тигилер да биздин табынууга болгон каалообузду канааттандыра албайт.

Бизге чыныгы нерсе керек. Биз бардык күчтүн, боорукердиктин жана максатка умтулгандыктын Башатын көрүшүбүз керек, б.а. тирилген Машаякты кɵрүшүбүз керек жана Ага табынышыбыз керек.

«Тирилген Машаякты даңктоо» аттуу насааттан үзүндү.