19-август: Кайра тирилүү биз үчүн эмнени билдирет?

Jakshy Kabar Media

19-август: Кайра тирилүү биз үчүн эмнени билдирет?

19-август
Кайра тирилүү биз үчүн эмнени билдирет?
Жон Пайперден насаат сөз

«Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың».

Римдиктер 10:9

«Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенүү» деген эмнени билдирет? Шайтан да Кудай Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине ишенет. Себеби ал муну өз көзү менен көргөн. Бул суроого жооп берүү үчүн, биз кайра тирилүү Кудайдын эли үчүн эмнени билдирери жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек.

Кайра тирилүү Кудай биз тарапта экенин билдирет. Кудайдын ниети – бул жалпы душманга каршы биз менен биригүү. Анын ниети – бул өзүбүздү Андан айрылып, бөлүнүп калгандай сезимдерден жана ойлордон бизди толук арылтуу.   

Ыйсанын кайра тирилүүсү аркылуу Кудай Ысрайылга жана дүйнөгө бир чындыкты жарыялаган: адамзат Анын даңкына өзү жол таап бара албайт, бирок мүмкүн болбогон бул ишти биз үчүн Ал Өзү кылгысы келет.

Кайра тирилүү – бул Ыйсага ишеним арткан бардык адамдар Кудайдын күчүнө ээ болору жана бул күч аларды адилдиктин жолдору менен өлүм көлөкөсүнүн өрөөнү аркылуу жетелеп өтөрү тууралуу Кудайдын убадасы.

Ошондуктан Кудайдын Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөктөн ишенүү деген жөн эле ушул фактыны кабыл алууну билдирбейт. Бул Кудай биз тарапта экенине, жалпы душманга каршы Ал биз менен бириккенине, биздин жашообузду түп тамырынан бери өзгөртүп жатканына жана бизди куткарып, түбөлүктүү кубанычка бөлөй турганына бекем ишенүү дегенди билдирет.

Кайра тирилүүгө ишенүү – бул кайра тирилүүдө бизге өмүр, үмүт жана адилдик менен чогуу убада кылынган бардык нерселерге ишенүү.

Бул Кудайдын күчүнө жана сүйүүсүнө болгон биздин ишенимибиз ушунчалык бекем болгондуктан, бул дүйнөдө бир нерсени жоготуп коёбуз деген эч кандай коркунуч же бул дүйнөдөгү нерселерге кызыктырган эч бир нерсе бизди Анын тилин албай коюуга азгыра албайт дегенди билдирет.

Амалкөй менен адил адамдардын ортосундагы айырмачылык ушул. Оо, Кудай! Бизди Өзүңдү сүйгөнгө (Мыйзамды кайталоо 30:6) жана Өзүңдүн Уулуңдун кайра тирилүүсүнөн тынчтык тапканга жөндөмдүү кылыш үчүн, жүрөгүбүздү сүннөткө отургуза көр!

«Кудайдын Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишен!» китебинен алынды.