18-август: Кыйын осуяттарды аткарганга күч берген үмүт

Jakshy Kabar Media

18-август: Кыйын осуяттарды аткарганга күч берген үмүт

18-август
Кыйын осуяттарды аткарганга күч берген үмүт
Жон Пайперден насаат сөз

«Себеби ким жашоону сүйсө жана жакшы жашагысы келсе… Жамандыктан четтеп, жакшы иштерди жасасын».

1 Петир 3:10-11

Ыйсанын осуяттарын аткарбай коюшубуздун бир эле негизги себеби бар: Анын осуяттарын аткарбай койгонго караганда, аткаруу көбүрөөк бата алып келерине чын жүрөктөн ишене албагандыктан, Кудайдын убадасына толук үмүт арта албагандыктан, ушундай кылабыз.

Ал кандай убада берген? Ыйса эмне жөнүндө окутканын Петир төмөнкүдөй айтып берет:

«Жамандыкка жамандык менен, жаман сөзгө жаман сөз менен жооп кайтарбагыла. Тескерисинче, батаңарды бергиле. Анткени ушуга – Кудайдын батасын мурастоого чакырылгансыңар. Себеби ким жашоону сүйсө жана жакшы жашагысы келсе... жамандыктан четтеп, жакшы иштерди жасасын. Тынчтыкты издеп, ошого умтулсун» (1 Петир 3:9-11).

Ыйсаны ээрчиген Петир «жамандыкка жамандык менен жооп бербөө» сыяктуу кыйын осуяттарды аткарганга түртү берип, шыктандыруу үчүн, көбүрөөк кубаныч бере турган Кудайдын убадасын эстеткенден уялбайт. «Тескерисинче, батаңарды бергиле. Анткени ушуга – Кудайдын батасын мурастоого чакырылгансыңар!» – дейт ал. Түбөлүк өмүрдөн ырахат алып жашагыңыз келеби? Анда жамандыкты таштаңыз! Сизди түбөлүктүү кубаныч күтүп турат! Азыркы учурда өч алуу ырахатынан алыс болуу үчүн, ушундай сыйлык жетиштүү эмеспи?

Ыйсанын тилин албай койгондун ордуна, тескерисинче Анын тилин алсак, алтургай Анын тилин алабыз деп өмүрүбүздөн айрылсак да, анын аягы дайыма жакшы болот.

Ыйса мындай дейт:

«Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн үй-жайын, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же энесин, же атасын, же аялын, же балдарын, же жерин таштаган адам азыр, бул дүйнөдө, куугунтук учурунда да жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, ата-энеге, балдарга жана жерге, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болбой койбойт» (Марк 10:29-30). 

Көп курмандыкты талап кылган сүйүүнүн жолунда Машаякты ээрчигенге күч табуунун жалгыз жолу – бул «Анын эркин аткарабыз деп өмүрүбүздөн айрылсак да, аны кайра алабыз жана түбөлүктүү баалуу сыйлыктарга ээ болобуз» деген чоң үмүткө жана бекем ишенимге ээ болуу.

«Үмүттүн күчү» китебинен алынды.