17-август: Кудайды даңктоо деген эмнени билдирет?

Jakshy Kabar Media

17-август: Кудайды даңктоо деген эмнени билдирет?

17-август
Кудайды даңктоо деген эмнени билдирет?
Жон Пайперден насаат сөз

«Менин жаным, Теңирди даңкта; менин бүт ички дүйнөм, Анын ыйык ысымын даңкта».

Забур 102:1

Забурчу бул забурду ɵзүнүн жанына: «Менин жаным, Теңирди даңкта», – деп акыл-насаат айткан сөздөрү менен баштап, аягында периштелерди, асман кошуундарын жана Кудайдын колдору менен жасалган иштерди Теңирди даңктоого чакырган жана кайра «Менин жаным, Теңирди даңкта» деп кайталаган сөздөр менен бүтүрөт.

Теңирдин сөзүнө баш ийип, Анын сөзүн аткарган
Анын күчтүү периштелери, Теңирди даңктагыла!
Анын бүт кошуундары, Анын эркин аткарган кызматчылары,
Теңирди даңктагыла! Анын бардык иштери,
Ал бийлик кылган бардык жерде Теңирди даңктагыла.
Менин жаным, Теңирди даңкта! (Забур 102:20-22).

Бул забур негизинен Теңирди даңктоого арналган. Теңирди даңктоо деген эмнени билдирет?

Бул Анын улуулугун жана кең пейилдигин чын дилибизден даңазалоо дегенди билдирет.

Дөөт ушул забурдун биринчи жана акыркы аяттарындагы «Менин жаным, Теңирди даңкта!» деген сөздөрү менен Кудайдын кең пейилдиги жана улуулугу жөнүндө айткан сөздөрүбүз жан дилибизден чыгышы керек деп айткысы келген.

Кудайды чын дилибиз менен эмес, оозубуз менен эле даңктап жаткан болсок, анда биз эки жүздүүлүк кылып жаткан болобуз. Ыйса: «Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс», – дейт эмеспи (Матай 15:8). Дɵɵт ушундай кооптуу абалга кабылышыбыз мүмкүн экенин билген, ошондуктан мындан алыс болуу үчүн ɵзүнɵ насаат айтып жатат. Ал ɵз жүрɵгүнɵ буга жол бербɵɵ үчүн ушинтип кайрылып жатат.

«Кел, жаным, Кудайдын улуулугун жана кең пейилдигин карачы. Бүт жан дилим, тилиме кошул, чогуу Теңирди даңктайлы. Жаным, биз эки жүздүү болбойлу!»

«Менин жаным, Теңирди даңкта!» аттуу насааттан алынган үзүндү.