16-август: Биз эмне үчүн жыныстык күнөөлөргө алдырабыз?

Jakshy Kabar Media

16-август: Биз эмне үчүн жыныстык күнөөлөргө алдырабыз?

16-август
Биз эмне үчүн жыныстык күнөөлөргө алдырабыз?
Жон Пайперден насаат сөз

«Мага кубаныч менен шаттыктын үнүн угуз, ошондо Сен талкалаган сөөктөрүм сүйүнөт…. Мага Өзүңдүн куткаруу кубанычыңды кайтарып бер, бийлиги бар Рухуң менен мени бекемде».

Забур 50:10, 14

Эмне үчүн Дөөт жыныстык жактан өзүн кармоо үчүн, Кудайдан күч сурап, Ага жалынган жок? Эмне үчүн ал бул чөйрөдө күнөөдөн алыс болгонго жардам берген жана текшерип турган шерик адам сурап сыйынган жок? Эмне үчүн кɵздɵрүн азгыруудан коргоо үчүн жана жыныстык катнаш тууралуу ойлордон алыс болуу үчүн сыйынган жок? Ачыгын айтканда, Дөөт Бат-Шебаны зордуктагандан кийин, күнөөсүн мойнуна алып, тобо кылган ушул забурда жогоруда айтылып ɵткɵн нерселерди сурап сыйынат деп күтсөк керек.

Бирок Ал мындай кылбайт, себеби ал жыныстык күнɵɵ – бул оорунун ɵзү эмес, анын белгиси экенин билген.

Адамдар Машаяктагы толук кубанычка жана ырахатка ээ болбогондуктан, жыныстык күнɵɵгɵ жол беришет. Алардын рухтары туруктуу, бекем жана түптɵлгɵн эмес. Тескерисинче, алар олку-солку болушуп, азгырылып, күнɵɵгɵ алдырышат, себеби Кудай алардын сезимдеринде жана ойлорунда ээлеши керек болгон эң жогорку орунга ээ эмес.

Дɵɵт ɵзү жɵнүндɵгү бул чындыкты билген. Бул чындык бизге да тиешелүү. Дɵɵт, ɵзүнүн сыйынуусу аркылуу бизге жыныстык күнөө кылгандар чындыгында эмнеге муктаж экендигин көрсөтөт: ал – Кудай! Кудайдагы кубаныч!

Дөөт бизге ушундай терең түшүнүк берет!

«Кудай жек кɵрбɵгɵн, жараланган жана тобо кылган жүрɵк» аттуу насааттан үзүндү.