15-август: Биз эмне үчүн жаратылганбыз?

Jakshy Kabar Media

15-август: Биз эмне үчүн жаратылганбыз?

15-август
Биз эмне үчүн жаратылганбыз?
Жон Пайперден насаат сөз

«Себеби Машаяк да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты».

1 Петир 3:18

Жакшы Кабардын эң жакшы жагы – бул Кудайдын Ɵзү менен мамилелешүүдөн ырахат алуу. Бул 1 Петир 3:18-аятта «Ал бизди Кудайга алып келүү үчүн» – деген сɵз айкашы аркылуу ачык көрсөтүлгөн. Ыйса мына ошол себептен ɵлгɵн.

Жакшы Кабардын башка бардык белектери ушул максатты ишке ашыруу үчүн берилген:

Күнөөлөрүбүз бизди Кудайдан алыстатпашы үчүн кечирилгенбиз.
Сотто айыптуу болгонубуз бизди Кудайдан алыстатпашы үчүн акталганбыз.
Кудай Ата менен болгон мамилебизге Анын каары тосоолдук болбошу үчүн, Анын каары Ыйсанын өлүмү аркылуу канааттанган.
Кудай менен түбөлүккө бирге болуп, Аны менен толук кубана алышыбыз үчүн, азыр бизге түбɵлүк ɵмүр берилген, ал эми кайра тирилгенде жаңы дене берилет.

Жүрɵгүңүздү текшерип кɵрүңүз. Эмне үчүн кечирим алгыңыз келет? Эмне үчүн акталгыңыз келет? Эмне үчүн Кудайдын каары жоюлушун каалайсыз? Эмне үчүн түбɵлүк ɵмүргɵ ээ болгуңуз келет? Сиз үчүн мунун эң негизги жообу «Себеби мен азыр жана түбɵлүккɵ Кудай менен кубангым келет» деген жооп болобу?

Кудай Жакшы Кабар аркылуу Өзүнүн сүйүүсүн көрсөткөндүгүнүн себеби акыр-аягы Ɵзүн белеке бергиси келгендигинде. Биз мына ушул нерсе үчүн жаратылганбыз. Күнɵɵлɵрүбүздүн айынан ушул нерсени жоготкон элек. Машаяк да дал ушул нерсени калыбына келтирүү үчүн келген. «Сенин алдында – толук кубаныч, оң колуңда – түбɵлүк жыргал» (Забур 15:11).

«Машаяктагы Кудай: Жакшы Кабардын баасы жана сыйлыгы» аттуу насааттан үзүндү.