14-август: Кудай кечиримдүү жана ошол эле учурда адилеттүү

Jakshy Kabar Media

14-август: Кудай кечиримдүү жана ошол эле учурда адилеттүү

14-август
Кудай кечиримдүү жана ошол эле учурда адилеттүү
Жон Пайперден насаат сөз

«Дөөт ойноштук кылгандан кийин жана адам өлтүргөндөн кийин, Натан пайгамбар ага келип мындай дейт: «Теңир күнөөңдү кечирди, сен өлбөйсүң. Бирок ушул ишиң менен душмандарынын Теңирди жамандоосуна себепкер болгонуң үчүн, төрөлгөн балаң өлөт».

2 Шемеул 12:13–14

Кудайдын Дɵɵттүн күнɵɵсүн кечирип койгону нааразычылык туудурбай койбойт. Себеби Урия ɵлдү. Батшеба зордуктоого дуушар болду. Наристе да ɵлɵт. Бирок Натан: «Теңир күнөөңдү кечирди», – деп айтып жатат.

Ушундай да болобу? Дɵɵт ойноштук кылды. Ал киши өлтүрүүнү буйруду. Калп айтты. «Теңирдин Сɵзүн барк алган жок» (2 Шемеул 12:9). Кудайды жек кɵрдү. Анан Теңир оңой эле «анын күнɵɵсүн кечирип койдубу»?!

Бул эмне деген адилет сот жүргүзгөн Кудай? Сот зордуктоого, киши ɵлтүрүүгɵ жана калп айтууга жɵн гана кɵз жумуп коё албайт да. Адилеттүү сот андай кылбайт.
Бул Пабылды ойлондурган эң чоң теологиялык көйгөйлөрдүн бири болчу. Бул суроо бүгүнкү күндөгү адамдарды кыйнаган суроолордон абдан айырмаланып турат: Кудай канткенде күнөөлɵрүбүздү да кечире алат жана адил бойдон да кала берет? Римдиктер 3:25–26-аяттарда Пабыл мындай деген:

«Кудай Өзүнүн чыдамдуулугу убагында мурунку кылынган күнөөлөрдү кечирүү аркылуу Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн, Машаяктын төгүлгөн канын ырайым курмандыгы катары ишеним аркылуу сунуш кылды. Азыркы учурда Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн ушундай кылды. Ал Ыйсага ишенген адамга адилеттүү жана актоочу катары таанылсын».

Башкача айтканда, эгер Кудай Дɵɵттүн күнɵɵсүн көрмөксөнгө салып, аны жаап-жашырып койсо, анда биз сезген нааразычылык туура нааразычылык болмок. Бирок Ал андай кылган жок.

Кудай Дөөттүн убагынан нечендеген кылым өткөндөн кийин Өзүнүн Уулу Ыйса Машаяк келип, Дөөттүн ордуна өлө тургандыгын, ошондуктан Дөөт Анын ырайымына жана келечектеги куткаруу ишине болгон ишеними аркылуу Машаяк менен биригерин алдын ала көргɵн. Кудай Өзүнүн жеткилең билимге ээ болгон акылы менен Дөөттүн күнөөлөрү Машаяктын күнөөсү катары эсептелип, Машаяктын адилдиги анын адилдиги катары эсептелерин жана Ал Өзү акыйкаттуу жол менен Дөөттүн күнөөсүн Машаяк үчүн кечире тургандыгын билген.

Кудайдын Уулунун өлүмү адилетсиз көрүнгөнү менен, ал аркылуу көрүнгөн Кудайдын даңкы жетишээрлик болгондуктан, Кудайдын Дөөттүн ойноштук кылгандыгын, киши өлтүргөндүгүн жана калп айтканын кечиргени адилеттүү иш болуп саналат. Биздин күнɵɵлɵрүбүздү да Ал ошентип кечирген.

Ошентип, Кудай Өзүнүн адилеттүүлүгүн жана калыстыгын толук сактайт жана ошол эле учурда күнөөлөрүнүн канчалык чоң жана канчалык оор болгонуна карабастан, Ыйсага ишенгендерге ырайым кылат. Бул чынында укмуштуу Жакшы Кабар.

«Кудай жек кɵрбɵгɵн, жараланган жана тобо кылган жүрɵк» аттуу насааттан үзүндү.