13-август: Жакшы чечимдерди ишке ашырган ишенимдин үч мисалы

Jakshy Kabar Media

13-август: Жакшы чечимдерди ишке ашырган ишенимдин үч мисалы

13-август
Жакшы чечимдерди ишке ашырган ишенимдин үч мисалы
Жон Пайперден насаат сөз

«Кудайыбыз силерди Өзүнүн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштериңерди Өзүнүн күчү менен аягына чыгарсын деп, силер үчүн дайыма сыйынабыз».

2 Тесалоникалыктар 1:11

Пабыл Кудай Өзүнүн күчү менен биздин жакшы иштерди кылууга болгон ниетибизди ишеним аркылуу ишке ашырарын айтканда, муну менен Ал биз ишеним аркылуу күнөөнү жеңерибизди жана адил иштерди кыларыбызды, буга Кудай Өзү Машаякта биз үчүн алдыдагы беш мүнөттүн ичинде, беш айдын ичинде, элүү жылдын ичинде жана андан ары түбөлүккө ким болорун убада кылса, ошого канааттануубуз түрткү болорун айткысы келет.

Бул чыныгы жашоодо, иш жүзүндө кандай болорун төмөндөгү үч мисалдан көрсөк болот:

(1) Эгерде биз берешендик менен курмандык бергенге бүт жүрөгүбүз менен ниеттенсек, Кудай Өз күчү менен мындай чечимибизди ишке ашырат, себеби биз Филипиялыктар 4:19-аяттагы «Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт» деген убаданы, 2 Корунттуктар 9:6-аяттагы «Аз эккен аз жыйнайт, мол эккен мол жыйнайт» деген убаданы жана 2 Корунттуктар 9:8-аяттагы «Ар дайым бардык нерсеңер жетиштүү болуп, жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет» деген убаданы камтыган Кудайдын келечектеги ырайымына ишенген болобуз.

(2) Эгерде биз порнографиядан баш тартканга бүт жүрөгүбүз менен ниеттенсек, Кудай Өз күчү менен мындай чечимибизди ишке ашырат, себеби биз Матай 5:8-аяттагы «Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт» деген убаданы жана Матай 5:29-аяттагы «Он эки мүчөң бүт бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн биринен гана ажыраганың жакшы» деген убаданы камтыган Анын келечектеги ырайымына таянган болобуз. Ушундай болгону (б.а. оттуу көлгө түшкөнгө караганда, ушул убадалардын ишке ашырылышын көргөнүбүз) алда канча жакшы. Ушундай болсо эң сонун болот. Ушундай болсо, толугу менен ыраазы болобуз.

(3) Эгерде биз мүмкүнчүлүк түзүлгөндө Машаяк жөнүндө күбөлөндүргөнгө бүт жүрөгүбүз менен ниеттенсек, Кудай Өз күчү менен мындай чечимибизди ишке ашырат, себеби биз Матай 10:19-аяттагы «Силерди кармап беришкенде, “Эмнени айтабыз, кантип айтабыз?” деп тынчсызданбагыла. Эмнени айтуу керек болсо, ошол учурда силерге берилет» деген убаданы камтыган Анын келечектеги ырайымына таянган болобуз. Кудайыбыз Өзүнүн баалуу убадаларына – эч качан түгөнгүс, кан төгүү аркылуу сатылып алынган жана Машаякты даңазалаган келечектеги ырайымынын убадаларына болгон биздин күнүмдүк ишенимибизди арттырсын!

«Келечектеги ырайымга болгон ишеним менен жашоо» китебинен алынды.