12-август: Менин жаным Кудайды эңсейт

Jakshy Kabar Media

12-август: Менин жаным Кудайды эңсейт

12-август
Менин жаным Кудайды эңсейт
Жон Пайперден насаат сөз

«Бугу тунук суунун башатын эңсегендей, менин жаным да эңсейт Сени, Кудайым! Менин жаным күчтүү, тирүү Кудайды каалайт: Кудайдын алдына качан барып турам?».

Забур 41:2-3

Бул аяттардагы биз үчүн ажайып жана абдан маанилүү болгон нерсе – бул Дөөттүн кооптуу жагдайлардан куткарылууну эле эңсебегени. Ал жөн эле душмандарынан куткарылууну же алардын жок кылынуусун эңсеген жок.

Оор жагдайдын жеңилдешин каалоо жана ал үчүн сыйынуу туура эле нерсе. Кээде душмандардын жеңилиши үчүн сыйынуу да туура. Бирок Кудайдын Өзүн эңсөө мунун баарынан маанилүү.

Забурлардагы Кудай жөнүндө ой жүгүртүп, Аны сезгенибизде, натыйжада Ага болгон сүйүүбүз артып, Аны көргүбүз келип, Аны менен болгубуз келип, Ага суктануудан жана Аны даңктоодон ырахат алгыбыз келет.

3-аяттын аягындагы сүйлөмдү «Кудайдын алдына барып, Анын жүзүн качан көрөм?» деп которсок болот. Бул суроого болгон акыркы жооп Жакан 14:9-аятта жана 2 Корунттуктар 4:4-аятта берилген. Ыйса: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү», – деген. Ал эми Пабыл биз Машаякка ишенип калганыбызда, «Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын даңкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгын» көргөн болорубузду айтат.

Машаяктын жүзүн көргөнүбүздө, Кудайдын жүзүн көрөбүз. Ошондой эле, Пабыл 2 Корунттуктар 4:4-аятта айткандай, Машаяктын өлүмүн жана кайра тирилүүсүн жарыялаган Жакшы Кабардын баянын укканыбызда, Машаяктын жүзүнүн даңкын көргөн болобуз. Пабыл ал Кабарды «Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын даңкын жарыялаган Жакшы Кабар» деп атайт; же 6-аятта жазылгандай, ошол Жакшы Кабарда Кудай Өзүнүн даңкын Ыйса Машаяк аркылуу бизге көрсөткөнүн айтат.

Эгедерибиз Кудайдын жүзүн көрүүнү эңсөөбүздү жана чаңкообузду арттыра берсин! Алтургай, бүгүн эле Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын даңкын жарыялаган Жакшы Кабар аркылуу Ал биздин каалообузду орундатсын.

«Забурлардагы рухий көңүл чөккөндүк» китебинен алынды.