11-август: Ырайымдын түрдүү чактары

Jakshy Kabar Media

11-август: Ырайымдын түрдүү чактары

11-август
Ырайымдын түрдүү чактары
Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан биз Кудайыбыздын жана Теңирибиз Ыйса Машаяктын ырайымына ылайык Теңирибиз Ыйса Машаяктын ысымы силер аркылуу даңкталышы үчүн жана силер Ал аркылуу даңкталышыңар үчүн Кудайыбыз силерди Өзүнүн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштериңерди Өзүнүн күчү менен аягына чыгарсын деп, силер үчүн дайыма сыйынабыз».

2 Тесалоникалыктар 1:11-12

Ырайым деген – бул Кудайдын биз татыксыз болсок да, бизге ак ниет менен кылган жакшылыгы эле эмес. Ырайым деп Кудай берип турган күчтү да эсептесек болот. Ал биздин жашообузда иштейт жана биз үчүн жакшы нерселерди жаратат. Биз мындай ырайымга да татыктуу эмеспиз.

Пабыл биз өзүбүздүн жакшы иштерди кылууга болгон ниетибизди «Анын күчү менен» ишке ашырарыбызды айтат (11-аят). Ал эми ага чейин, 11-аяттын башында, ал бул нерсе «Кудайыбыздын жана Теңирибиз Ыйса Машаяктын ырайымына ылайык» болорун айтат. Демек, биздин жашообузда иштеген жана бизди өз тил алчаактыгыбыз менен Машаякты даңктаганга жөндөмдүү кылган күч Кудайдын ырайымынын күчү болуп саналат.

Муну 1 Корунттуктар 15:10-аяттан да кɵрсɵк болот:

«Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага кылган ырайымы текке кеткен жок, мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды».

Демек, ырайым – бул биздин жашообузда дайыма бар болгон, аракеттенген, өзгөрүүлөрдү жараткан жана бизди тил ачаак болууга жөндөмдүү кылган күч.

Андыктан кайсыл бир маалда Кудайдын күчү катары сизге берилген бул ырайым бир эле убакта өткөн чакка да, келер чакка да таандык. Ал сиз үчүн же сиздин ичиңизде кандайдыр бир нерсени ишке ашырып койгондуктан, өткɵн чактагы ырайым болуп саналат. Ошондой эле, ал сиз үчүн же сиздин ичиңизде алдыдагы беш секундадан кийин болобу же беш миллион жылдын ичинде болобу кандайдыр бир нерсени ишке ашыра тургандыктан, келер чактагы ырайым болуп саналат. 

Кудайдын ырайымы азыркы учурда тынымсыз агып жаткан шаркыратмадай. Анын өйдө жактан агып түшкөн жана эч качан токтобогон суусу келечектеги ырайымды билдирет. Ал эми төмөн жагында топтолгон суусу бара-бара көбөйө берген өткөн чактагы ырайымды билдирет. Алдыдагы беш мүнөттүн ичинде сиз келечектен агып келген жана муктаждыгыңызды толтурган ырайымды кабыл аласыз. Сиз ушундай ырайым берилип турарына ишенесиз. Ал ошол беш мүнөттүн ичинде көрсөтүлгөндөн кийин, өткөн чактагы ырайымга барып кошулат. Мындай ырайымга сиз ыраазычылык билдиресиз.

«Келечектеги ырайымга болгон ишеним менен жашоо» аттуу насааттан үзүндү.