10-август: Кудайым, мага ырайым кыла кɵр

Jakshy Kabar Media

10-август: Кудайым, мага ырайым кыла кɵр

10-август
Кудайым, мага ырайым кыла кɵр
Жон Пайперден насаат сөз

«Кудайым, мени Өзүңдүн улуу ырайымың боюнча ая, Өзүңдүн улуу кайрымдуулугуң боюнча күнөөлөрүмдү өчүрүп сал».

Забур 50:3

Забурчу: «Өзүңдүн улуу ырайымың боюнча», «Өзүңдүн улуу кайрымдуулугуң боюнча» «мени аяй кɵр» – деп үч жолу айтат.

Кудай Мисирден Чыгуу 34:6-7-аяттарда төмөнкүдөй убада берген эле:

«Теңир – пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү, миңинчи тукумга чейин ырайым кыла турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган, бирок жазасыз калтырбай турган Кудай-Теңир».

Күнɵɵлɵрү кечирилбей турган күнɵɵкɵрлɵр бар экенин Дɵɵт билген. Ошондой эле, кандайдыр бир табышмактуу куткаруу ишинин натыйжасында күнөөлүү деп табылбай, тескерисинче, күнɵɵлɵрү кечирилген күнɵɵкɵрлɵр бар экенин да билген. 50-забурдагы сөздөр анын ушул табышмактуу ырайымга таянып жатканынан кабар берет.

«Кудайым, мени Өзүңдүн улуу ырайымың боюнча ая, Өзүңдүн улуу кайрымдуулугуң боюнча күнөөлөрүмдү өчүрүп сал». Биз Дөөткɵ караганда бул куткаруунун сырын көбүрөөк билебиз. Анткени биз Машаякты билебиз. Бирок Дɵɵт сыяктуу эле биз да ошол ырайымга таянабыз.

Дөөт ɵзүнүн алсыздыгын билип, Кудайдын ырайымына жана сүйүүсүнɵ таянуусу эң маанилүү кадам болуп саналат. Бүгүнкү күндɵ бул ɵзүбүздүн алсыздыгыбызды моюнга алып, бизге керек болгон бардык ырайымга Ɵзүнүн каны менен жол ачкан Машаякка кайрылууну билдирет.

«Кудай жек кɵрбɵгɵн, жараланган жана тобо кылган жүрɵк» аттуу насааттан үзүндү.