9-август: Жакшы Кабардын акыркы максаты

Jakshy Kabar Media

9-август: Жакшы Кабардын акыркы максаты

9-август
Жакшы Кабардын акыркы максаты
Жон Пайперден насаат сөз

«Машаяктын каны аркылуу акталгандыктан, Кудайдын каарынан Ал аркылуу куткарыларыбыз да анык. Анткени биз Кудайдын душманы болуп туруп, Уулунун өлүмү аркылуу Аны менен элдешип жатсак, анда элдешкенден кийин, Уулунун өмүрү аркылуу куткарыларыбыз да анык. Муну менен гана эмес, бизди Кудай менен элдештирген Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу Кудайдын Өзү менен да мактанабыз».

Римдиктер 5:9–11

Биз эмнеден куткарылышыбыз керек? Бул жɵнүндɵ 9-аятта так айтылган: «Машаяктын каны аркылуу акталгандыктан, Кудайдын каарынан Ал аркылуу куткарыларыбыз да анык». Бирок Жакшы Кабар сунуш кылган эң бийик, эң мыкты, толук жана канааттандырарлык сыйлык ушулбу?

Жок! Андан ары 10-аятта: «Уулунун өмүрү аркылуу куткарыларыбыз да анык» – деп айтылат. Андан кийин 11-аятта Жакшы Кабардын акыркы максаты жɵнүндɵ сөз болот: «Муну менен гана эмес, Кудайдын Өзү менен да мактанабыз».

Жакшы Кабардын акыркы жана эң бийик максаты мына ушул. Бул аяттан кийин «… дагы кошумча нерселер менен да мактанабыз» деген сөздөр айтылбайт. Болгону Пабылдын биздин буга кантип жеткенибиз тууралуу: «бизди Кудай менен элдештирген Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу» деп айткан сɵзү бар.

Жакшы Кабардын акыркы максаты – бул «биздин Кудай менен мактанышыбыз, же кубанышыбыз». Жакшы Кабар аркылуу берилген эң бийик, эң чоң, толук жакшылык – бул куткарылып алынган элдерге толук кубаныч берген Кудайдын Ɵзү.

Кудай Машаяктын ɵлүмү аркылуу Өзү кун тɵлɵдү жана Ал Машаяк аркылуу Өзүн сыйлык катары берди (Римдиктер 5:6-8, 11).

Андыктан Жакшы Кабар – бул биз Кудайга ээ болуп, түбөлүк кубанычка бөлөнүшүбүз үчүн, Ал акысын төлөгөнүн жар салган кубанычтуу кабар.

«Машаяктагы Кудай: Жакшы Кабардын баасы жана сыйлыгы» аттуу насааттан үзүндү.