8-август: Жаратылыштын өкүмдары

Jakshy Kabar Media

8-август: Жаратылыштын өкүмдары

8-август
Жаратылыштын өкүмдары
Жон Пайперден насаат сөз

«Өкчөмө таш жерге ыргытылат, бирок анын бардык чечими Теңирден болот».

Накыл сөздөр 16:33

Бул аятты бүгүнкү күндүн тили менен айта турган болсок: «Оюнда картаны адам таратат, бирок кимге кандай карта түшөрүн Кудай чечет, же чүкөнү адам ыргытат, бирок анын кандай түшүшүн Кудай чечет».

Башкача айтканда, жада калса такыр кичинекей болуп көрүнгөн жагдайларды да Кудай Өзүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн колдонушу мүмкүн. Ыйса мындай дейт: «Эки таранчы бир ассарийге эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт» (Матай 10:29-30).

Лас Вегастагы ар бир кумар оюнундагы бирөөнүн жеңиши болобу, сансыз токойлордогу ар бир кичинекей канаттуунун жан берип жерге түшүшү болобу – анын баары Кудайдын буйругу менен болот.

Жунустун китебинде Кудай чоң балыкка пайгамбарды жутуп алууну буйруганы (1:17), көлөкө болушу үчүн, бир өсүмдүккө өсүп чыгууну буйруганы (4:6) жана куртка анын тамырын жеп кууратып салууну буйруганы айтылат (4:7).

Балыктар же курттар бул жакта эле калсын, асмандагы жылдыздардын баары Кудайдын буйругу менен пайда болуп, өз ордуларында турат.

Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, аны ким жаратты? Ким Анын кошуундарын эсеби менен чыгарып турат? Ал алардын бардыгын өз аты менен атайт: Анын кудурети күчтүү болгондуктан, күч-кубаты зор болгондуктан, эч нерсе жоголуп кетпейт (Ышайа 40:26).

Мындан бетер бул дүйнөдө болуп жаткан табигый нерселер – аба ырайы, жаратылыш кырсыктары, оорулар, майып болуп калгандар жана өлүм да Анын көзөмөлүндө.

Ал өз мыйзамын орнотту:
жылдыздар өз жолу менен жүрөт,
күн да өзүнүн өзөгүнөн чыкпай жарык берип турат,
адырлар жана тоолор,
дарыялар жана булактар,
деңиздердин тереңдиктери
Анын Кудай экенин жар салат.

(Катрин Дэвистин «Азыр жашап жаткан нерселерди баары жар салсын» аттуу ырынан котормо)

Андыктан мунун баарына суктанып, табигый жол менен болуп жаткан эч бир нерсе акылман жана боорукер Кудайдын максатына жана эркине туура келбесе, ишке ашпай турганын жана толугу менен Анын көзөмөлүндө экенин эстеп, жаныбызга тынчтык табалы.

«Кудайдын кудуреттүү күчү: “Менин максатым ишке ашат, Мен эмнени кааласам, ошону жасайм”» аттуу насааттан үзүндү.