7-август: Кудай жаратылышты эмне үчүн жараткан?

Jakshy Kabar Media

7-август: Кудай жаратылышты эмне үчүн жараткан?

7-август
Кудай жаратылышты эмне үчүн жараткан?
Жон Пайперден насаат сөз

«Ошентип, Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты».

Башталыш 1:27

Кудай адамдарды Өзүнүн бейнеси боюнча жараткан, себеби бул дүйнө Аны чагылдырган адамдарга, Кудайдын бейнелерине, Кудайдын жети миллиард айкелине толушун каалаган. Жаратылыш эмне максат менен жаратылганы баарына белгилүү болушу үчүн, ушундай кылган.

Эч бир адам (такыр сокур болбосо эле) адамзат кандай максат менен жаратылганын, тагыраак айтканда, Кудай үчүн – Аны таануу, Аны сүйүү жана Аны чагылдыруу үчүн жаратылганын байкабай кала албайт. Ышайа 6:3-аятта периштелер: «Себайот Теңир ыйык, ыйык, ыйык! Бүт жер жүзү Анын даңкына бөлөнүп турат!» – деп жар салышкан. Жер жүзү Кудайдын бейнесин алып жүргөн миллиардаган адамдарга толгон. Талкаланган жашоолор да Анын даңкына бөлөнүп турат.

Бирок адамдар эле эмес, жаратылыш да ушундай! Эмне үчүн биз үчүн ушундай ажайып кооз дүйнө жаратылган? Эмне үчүн эбегейсиз чоң аалам жаратылган?

Бир жолу ааламдагы жылдыздардын саны тарыхта ушул убакка чейин жашаган бардык адамдардын оозунан чыккан бардык сөздөрдүн санынан да көп экенин айткан макаланы окуган элем. Эмне үчүн жылдыздар мынчалык көп? Эмне үчүн ушунчалык чоң? Эмне үчүн ушунчалык жарык? Эмне үчүн ушунчалык элестете алгыс деңгээлде алыс? Ыйык Китеп мунун жообун так айтат: «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат» (Забур 18:2).

Эгерде бирөө: «Жер тирүү жандар бар жалгыз планета болсо жана ушунча жылдыздардын арасынан жерде эле акыл-эси бар адамдар жашаса, анда мынчалык чоң жана бош ааламдын эмне кереги бар?» – деп сураса, ага мындай деп жооп берүү керек: Кеп бизге анын баары керекпи же жокпу, анда эмес. Кеп Кудайда. Ушунчалык чоң аалам да Анын улуулугун толук көрсөтө албаганы айкын болушу үчүн ушундай жаратылган. Ал андан да даңктуу. Андан да кудуреттүү. Андан да чоң. Жылдыздардан да жарык. Бардык галактикалар бириккенде да Ага тең келбейт. Бир даанышман: «Аалам Кудай чөнтөгүнө салып алып жүргөн кичинекей жер жаңгак сыяктуу», – деген экен.

Кудай бизди Өзүн таанысын, сүйсүн жана чагылдырсын деп жараткан. Ал эми ааламды Ал Өзү канчалык улуу экенин көрсөтүү үчүн жаратып койгон.

«Кудай бул дүйнөнү эмне үчүн жараткан?» аттуу макаладан үзүндү.