6-август: Биз акырына чейин чыдашыбыз үчүн Ыйса акы төлөгөн

Jakshy Kabar Media

6-август: Биз акырына чейин чыдашыбыз үчүн Ыйса акы төлөгөн

6-август
Биз акырына чейин чыдашыбыз үчүн Ыйса акы төлөгөн
Жон Пайперден насаат сөз

«Кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деди: “Бул чөйчөк – силер үчүн төгүлө турган Менин каным менен бекитиле турган жаңы келишим”».

Лука 22:20

Бул аяттын мааниси мындай: Жеремия китебинин 31-32-бөлүмдөрүндө эң так сүрөттөлгөн жана убадаланган жаңы келишим Ыйсанын каны менен бекитилген жана мөөрлөнгөн. Жаңы келишим Машаяк Ыйсага ишеним арткан Кудайдын эли үчүн иш жүзүнө ашырылат, себеби аны бекитүү үчүн Ыйса Өз өмүрүн берген.

Машаякка таандык болгондор үчүн жаңы келишим кандай кепилдик берет? Ишеним менен аягына чейин чыдай турганыбызга кепилдик берет.

Жеремия 32:40-аяттагы сөздөргө кулак төшөңүз:

«Мен алар менен түбөлүк келишим түзөм. Ал түбөлүк келишим боюнча Мен алардан баш тартпайм, аларга ырайым кылам. Алар Менден четтебеши үчүн, алардын жүрөгүнө Менден коркуу сезимин салам».

Түбөлүктүү болгон жаңы келишим өзүнө «алар Менден четтебеши үчүн, алардын жүрөгүнө Менден коркуу сезимин салам» деген бузулгус бир убаданы камтыйт.
Алар четтей албайт. Четтебейт. Себеби Машаяк бул келишимди Өзүнүн каны менен бекиткен. Эгерде сиз ишеним аркылуу Ыйса Машаякка таандык болсоңуз, анда Ал сиз аягына чейин чыдамдуу болушуңуз үчүн, сиз үчүн акы төлөгөн.

Эгерде сиз бүгүн ишенимде чыдамкайлык менен жашоону улантып жатсаңыз, бул Ыйсанын каны аркылуу мүмкүн болуп жатат. Сизди ишенимде чыдамкай кылыш үчүн, сиздин ичиңизде иштеп жаткан Ыйык Рух Ыйса төлөгөн акыны акташ үчүн, ушундай кылып жатат. Ыйса бизге эмнени алып берген болсо, ошону Ыйык Рух биздин ичибизде ишке ашырып жатат. Ата муну алдын ала ойлонуштурган. Ыйса акы төлөгөн. Рух болсо аны биздин ичибизде ишке ашырып жатат. Ал убадага тиешелүү нерселердин бирин да калтырбай ишке ашырат.

Кандын баасына сатып алынган Өзүнүн балдары аягына чейин чыдап, түбөлүккө коопсуз болушу үчүн, Кудай Өзүнө толук милдеттенме алган.

«Түбөлүктүү коопсуздук – бул жамаатка тиешелүү проект» китебинен алынды.