5-август: «Яхве» деген ысымдын 10 мааниси

Jakshy Kabar Media

5-август: «Яхве» деген ысымдын 10 мааниси

5-август
«Яхве» деген ысымдын 10 мааниси
Жон Пайперден насаат сөз

«Кудай Мусага дагы мындай деди: “Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мени силерге жиберди. Бул Менин кылымдан кылымга, укумдан-тукумга белгилүү болгон ысымым”».

Мисирден Чыгуу 3:15

Кудайдын ысымы кыргызча Ыйык Китепте дээрлик бардык учурларда «Теңир» деп которулган. Бирок еврей тилинде бул ысым «Яхве» деп окулат жана «Мен бар болуп Туруучумун» деген сөздөн келип чыгат.

Демек, «Яхве» деген ысымды уккан сайын же кыргызча Ыйык Китепте «Теңир» деген сөздү окуган сайын, мындай ой жүгүртүшүбүз керек: бул сөз «Мен бар болуп Туруучумун» деген сөздөн келип чыккан (Петир же Жакан дегендей эле) бир ысым; бул ысым Кудайдын табияты жөнүндө толугу менен чындык болгон нерселерди эстетип турат.

«Яхве» деген ысым Кудайдын табиятына тиешелүү болгон эң кеминде төмөнкү 10 нерсени билдирет:

  1. Ал эч качан жаралган эмес. Ар бир жаш бала «Кудайды ким жараткан?» деген суроо берет. Акылдуу ата-энеге бул суроого: «Кудайды эч ким жараткан эмес. Кудай жөн эле бар болуп турат. Ал дайыма болгон. Анын башталышы жок», – деп жооп берет.
  2. Кудай эч качан жок болбойт. Эгерде Ал эч качан жаралган эмес болсо, демек Ал эч качан жок болбойт, себеби Ал Өзү – өмүр.
  3. Кудай – толук чындык. Ага чейин эч кандай чындык болгон эмес. Ал Өзү каалабаса жана жаратпаса, Ага тиешелүү эмес чындык болбойт. Ал – түбөлүктөн бери бар болуп келген жалгыз тирүү зат. Мурун мейкиндик да, аалам да, боштук да болгон эмес. Бир гана Кудай болгон.
  4. Кудай эч нерсеге көз каранды эмес. Ал бар болуш үчүн же колдоого ээ болуш үчүн же кеңеш алыш үчүн же Өзү ким болсо, ошондой болуш үчүн, эч кимден көз каранды эмес.
  5. Кудайдан башка бардык нерселер толугу менен Андан көз каранды. Бүткүл аалам толугу менен Андан көз каранды. Ал Кудай тарабынан жаратылган жана Кудай аны бар болсун деп чечим чыгаргандыктан, ал ар бир саамда Андан көз каранды болуп, бар болуп турат.
  6. Бүткүл аалам Кудайга салыштырмалуу эч нерсеге арзыбайт. Абсолюттук Кудайдын алдында ал өз алдынча бар боло албаган көз каранды нерсе; көлөкө заттан канчалык көз каранды болсо, ал да Кудайдан ошончолук көз каранды. Чагылган болбосо күн күркүрөбөгөн сыяктуу эле, Кудай болбосо ал бар боло албайт. Бул дүйнөдөгү жана башка галактикалардагы биздин көзүбүзгө ажайып көрүнгөн нерселердин баары Кудайга салыштырмалуу эч нерсеге арзыбаган нерсе.
  7. Кудай эч качан өзгөрүлбөйт. Ал кечээ кандай болсо, бүгүн да ошондой жана түбөлүккө ошондой болот. Ал дагы да жакшыраак болгонго муктаж эмес. Ал башка бир нерсеге айлануу үчүн өөрчүп жаткан жок. Ал азыр ким болсо, ошол.
  8. Кудай – чындыктын, жакшылыктын жана сулуулуктун абсолюттук стандарты. Ал чындык эмне экенин билиш үчүн, аны кайсыл бир мыйзам китебинен окуганга муктаж эмес. Ал фактыларды аныктоо үчүн альманах сыяктуу эч бир китепти окубайт. Ал эмне эң мыкты же эң кооз экенин аныкташ үчүн, кайсыл бир уюмга мүчө эмес. Эмне туура, эмне чындык жана эмне сулуулук экенин Ал Өзү аныктайт.
  9. Кудай Өзүнө эмне жакса, ошону кылат жана ал нерсе дайыма туура, дайыма кооз жана дайыма чындыкка туура келген нерсе болот. Андан башка бар болуп турган нерселердин бардыгын Ал жараткан, Ал ойлоп тапкан жана бар болуп турган абсолюттук зат катары башкарып турат. Демек, Ал Өзүнүн эркине туура келбеген эч бир нерсе эч качан Аны чектей албайт.
  10. Кудай – ааламдагы эң маанилүү, эң баалуу тирүү жан, тирүү инсан. Бүткүл ааламдагы бар болуп турган башка бардык нерселерге караганда, Ал көбүрөөк кызыгууга, көбүрөөк көңүл бурууга, көбүрөөк суктанууга жана көбүрөөк ырахат алууга татыктуу.

«МЕН КИМ БОЛСОМ, ОШОЛМУН» китебинен алынды.