4-август: Кудайдын ишенимдүүлүгү – биздин коопсуздугубуздун кепилдиги

Jakshy Kabar Media

4-август: Кудайдын ишенимдүүлүгү – биздин коопсуздугубуздун кепилдиги

4-август
Кудайдын ишенимдүүлүгү – биздин коопсуздугубуздун кепилдиги
Жон Пайперден насаат сөз

«Кудай кимдерди алдын ала белгилесе, ошолорду чакырды, чакыргандарын актады, актагандарын даңктады».

Римдиктер 8:30

Кудай дүйнɵнү жарата электен мурун кимдерди куткарылууга алдын ала белгилеген болсо, ошолордун эч бирин орто жолдо жоготуп койбой, аягына чейин сактап, Өзүнүн түбөлүктүү даңкына киргизет.

Кудайдын балдары болууга алдын ала белгиленгендердин эч кимиси чакырылбай калбайт. Чакырылгандардын эч кимиси акталбай калбайт. Акталгандардын эч кимиси даңкталбай калбайт. Себеби Кудайдын Өз келишимине болгон ишенимдүүлүгү үзүлгүс болоттон жасалган чынжырдай бекем.

Ошондуктан Пабыл мындай дейт:

«Силерде баштаган жакшы ишин Кудай Ыйса Машаяктын күнүнө чейин аягына чыгарарына бекем ишенем» (Филипиялыктар 1:6).

«Теңирибиз Ыйса Машаяк келген күнү кемчиликсиз болушуңар үчүн, Ал силерди акырына чейин бекемдейт. Силерди Өз Уулу – Теңирибиз Ыйса Машаяк менен мамилелешүүгө чакырган Кудай ишенимдүү» (1 Корунттуктар 1:8–9). Жалган сүйлөбөгөн Кудайыбыздын убадалары ушундай. Кудай Өзү канчалык ишенимдүү болсо, кайрадан тɵрɵлгɵндɵр коопсуз болоруна ошончолук ишенимдүү кепилдик берет.

«Түбөлүктүү коопсуздук – бул жамаатка тиешелүү долбоор» аттуу насааттан алынды.