3-август: Сизге денеңиз эмне үчүн берилген?

Jakshy Kabar Media

3-август: Сизге денеңиз эмне үчүн берилген?

3-август
Сизге денеңиз эмне үчүн берилген?
Жон Пайперден насаат сөз

«Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, ошондуктан Кудайды денеңер менен да даңктагыла».

1 Корунттуктар 6:20

Кудай көзгө көрүнгөн материалдык ааламды эч бир максаты жок эле жаратып койгон эмес. Аалам аркылуу Ал Ɵзүнүн даңкын ачыкка чыгарып, башкаларга көрсөткүсү келген. «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат» (Забур 18:2).

Кудай биздин денебизди да ошол көзгө көрүнгөн нерселер сыяктуу эле жогорудагы максат менен жараткан. Анын адамдардын денелери аркылуу Ɵзүн даңктоо планынан баш тартайын деген ою жок.

Кудай Ата эмне үчүн колун биздин чирий турган, күнɵɵгɵ баткан денебиз менен булгап, аны кайра тирилтүү аркылуу калыбына келтирүү үчүн жана ага даңк жана ɵлбɵстүктүн кийимин кийгизүү үчүн көп эмгек кылып жатат? Мунун жообу мында: Себеби Кудай Атанын материалдык аалам үчүн койгон максаты ишке ашышы үчүн, тагыраак айтканда, аалам аркылуу, ошондой эле биздин денебиз аркылуу Ал түбөлүккɵ даңкталышы үчүн, Анын Уулу Өз өлүмү менен кун төлөгөн.

Жогорудагы аят: «Силер кымбат баада (тагыраак айтканда, Анын Уулунун өлүмүнүн баасына) сатылып алынгансыңар ошондуктан Кудайды денеңер менен даңктагыла» – деп айтып жатат. Кудай Өзүнүн Уулунун жасаган ишине кайдыгер мамиле кылбайт жана Аны уятка калтырбайт. Ал Өзүнүн Уулунун ишин урматташ үчүн, денебизди өлгөндөрдүн арасынан тирилтет жана биз денебизди Аны түбөлүккө даңктоо үчүн колдонобуз.

Мына ошондуктан сизге азыркы денеңиз берилген. Мына ошол себептен биздин денебиз Машаяктын даңктуу денесиндей болуш үчүн, кайра тирилтилет.

«Келечектеги ырайым» аттуу китебинен үзүндү (373-бет).