2-август: Биз эми өлүмдөн коркпойбуз

Jakshy Kabar Media

2-август: Биз эми өлүмдөн коркпойбуз

2-август
Биз эми өлүмдөн коркпойбуз
Жон Пайперден насаат сөз

«Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан, Ыйса да эт менен кандан турган денеге ээ болду. Ал Өз өлүмү менен өлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн, өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн, денеге ээ болду».

Эврейлер 2:14-15

Машаяк кандайча бизди өлүмдөн коркуудан бошотуп, мал-мүлкүбүздү жоготуу болобу, жакындарыбызды жоготуу болобу же бул дүйнөдөгү кыска өмүрүбүздөн айрылуу болобу – эч нерседен коркпой, эркин жашай ала турган кылып коёт?

Жогорудагы аяттарды изилдеп көрөлү.

«Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан…»

«Балдары» деген сөз мурунку аяттагы Машаяктын рухий балдарына тиешелүү. Алар – «Кудайдын да балдары». Башкача айтканда, Кудай өзгөчө Өзүнүн «балдарын» куткаруу үчүн, Машаякты жерге жөнөткөн. «Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан…»

«Ыйса да эт менен кандан турган денеге ээ болду…»

Адамга айланардан мурун түбөлүктүү Сөз катары бар болгон Кудайдын Уулу эт менен кандан турган денеге ээ болду, Өзүнүн кудайлык табиятынын сыртынан адамдын кейпин кийди. Өзүнүн кудайлык табиятын жоготпой, толугу менен адам болду.

«Өз өлүмү менен…»

Машаяк өлүү үчүн адамга айланды. Адамга айлана электе Ал кудайлык табияты менен күнөөкөрлөр үчүн өлө алмак эмес. Ал эми эт менен кандан турган денеге ээ болсо, Ал өлө алмак. Анын максаты өлүү болгон. Ошондуктан Ал өлө турган адам болуп төрөлүшү керек эле.

«өлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн…»

Машаяк Өз өлүмү менен шайтанды күчүнөн ажыратты. Кандайча? Биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн курмандык алып келүү аркылуу (Эврейлер 10:12). Демек, эми бизди Кудайдын алдында айыптаганга шайтандын колунда мыйзамдуу негиз жок. «Кудай тандап алгандарды ким айыптайт? Аларды Кудай Өзү актайт» (Римдиктер 8:33). Кудай эмненин негизинде актайт? Ыйсанын каны төгүлгөнү үчүн актайт (Эврейлер 9:14; Римдиктер 5:9).

Шайтандын бизге каршы колдонгон эң күчтүү куралы – бул биздин күнөөбүз. Ыйсанын өлүмү биздин күнөөбүздү жок кылса, демек шайтан колундагы эң күчтүү куралынан айрылды. Ушундай мааниде ал күчүнөн ажырады.

«өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн…»

Демек, биз өлүмдөн коркуудан бошондук. Кудай бизди актады. Алдыда бизди келечектеги ырайым гана күтүп турат. Шайтан Кудайдын чечимин жокко чыгара албайт. Эми Кудай бул түбөлүктүү коопсуздуктун биздин жашообузга дароо таасир тийгизип башташын каалайт. Жердеги өмүрүбүздүн аягы жакшылык менен бүтө тургандыктан, азыркы жашоодо өлүм коркунучунан бошонуп, эркин жашашыбызды каалайт.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (354-356-беттер).