1-август: Биздин алсыздыгыбыз Анын баркын көрсөтөт

Jakshy Kabar Media

1-август: Биздин алсыздыгыбыз Анын баркын көрсөтөт

1-август
Биздин алсыздыгыбыз Анын баркын көрсөтөт
Жон Пайперден насаат сөз

«Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот».

2 Корунттуктар 12:9

Кудай биздин азап-кайгыларыбызды Машаяктын баркын жана кудуретин даңазалай турган кылып койгон. Бул – Анын ырайымы, себеби машаякчылардын эң чоң кубанычы – өз жашоолорунда Машаяктын даңкталганына күбө болуу эмеспи.

Ыйса Теңир Пабылга «денесиндеги тикенек» алынбай турганын айтканда, анын себебин түшүндүрүп, Пабылдын ишенимин бекемдеген. Теңир: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот», – деген (2 Корунттуктар 12:9). Кудай Пабылдын алсыз болуусун буйруган, себеби ошондо Машаяк Пабылдын жашоосунда Өзүнүн күчүн ого бетер көрсөтө алмак.

Эгерде биз өзүбүздүн күчүбүз жетиштүү деп ойлосок, анда Машаякты эмес, өзүбүздү даңктайбыз. Мындай болбошу үчүн, «Кудай алдында эч бир адам мактанбашы үчүн», Машаяк бул дүйнөнүн алсыздарын тандап алат (1 Корунттуктар 1:29). Кээде Ал Өзүнүн кудайлык кудуретин дагы да ачык көрсөтүү үчүн, күчтүү көрүнгөн адамдарды алсыраткан учурлар болот.

Пабылдын башына ушундай нерсе түшкөндө, ал муну ырайым катары кабыл алып, буга кубанганын биз билебиз: «Ошондуктан Машаяктын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам. Ошондуктан Машаяк үчүн алсыз болгонума, кордук көргөнүмө, муктаж болгонума, куугунтукталганыма жана кысымчылыкты башымдан өткөргөнүмө ыраазымын. Анткени мен алсыз болгондо күчтүүмүн» (2 Корунттуктар 12:9-10).

Кудайдын ырайымына болгон ишеним менен жашоо – бул Ыйсада Кудай биз үчүн ким болсо, ошондон толук канааттануу алып жашоо. Андыктан Өзүн Ыйсада ачып берген Кудайдын аты таанылган жана даңазаланган жагдайларда биздин ишенимибиз алсырабай, тескерисинче бекемделет. Биз алсыз болгон жана азап-кайгыга кабылган жагдайлар ушул максатты ишке ашырат.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (349-350-беттер).