31-июль: Ишенимди талкалаган кыйынчылыктар

Jakshy Kabar Media

31-июль: Ишенимди талкалаган кыйынчылыктар

31-июнь
Ишенимди талкалаган кыйынчылыктар
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок терең тамырлай албагандыктан, туруксуз болушат. Сөз үчүн кысымга алып, куугунтукташканда, дароо баш тартып кетишет».

Марк 4:17

Кээ бир адамдардын ишеними кыйынчылыктар аркылуу бекемделбей, тескерисинче талкаланат. Ыйса муну билгендиктен, төрт түрдүү жер жөнүндөгү Өзүнүн үлгүлүү аңгемесинде ушундай нерсени сүрөттөйт. Кээ бир адамдар сөздү укканда, алгач аны кубаныч менен кабыл алышат, бирок андан соң кыйынчылыктардын айынан Кудайдан баш тартып кетишет.

Демек, кыйынчылыктар дайыма эле ишенимди бекемдей бербейт. Кээде алар ишенимди талкалайт. Үлгүлүү аңгемесинен кийин Ыйса акылга сыйбаган сөздөрдү айтат: «Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, андан бар нерсеси да тартылып алынат», – деди» (Марк 4:25).

Бул сөздөр менен Ал бизди кыйынчылыктарга келечектеги ырайымга болгон бекем ишеним менен чыдоого чакырат, себеби ошондо биздин ишенимибиз дагы да бекемделип, курулай ишеним эмес экени билинет (1 Корунттуктар 15:2). «Кимде бар болсо, ага дагы берилет» (Марк 4:25). Кудай кыйынчылыктарга кандай максат менен жол берерин билүү кыйынчылыктар аркылуу өсүүнүн негизги жолдорунун бири болуп саналат.

Эгерде сиз өзүңүздүн азаптарыңызды маңызсыз эсептесеңиз же жагдайыңыз Кудайдын колунда эмес же Ал сизди жактыра бербегендиктен же таш боор болгондуктан азап тарттырып жатат деп ойлосоңуз, анда сизди бардык нерселерден бошотуп, Кудайга жакындатышы керек болгон кыйынчылыктарыңыз тескерисинче сизди Андан алыстатат. Ошондуктан Кудайдын ырайымына ишенген адамдын Кудай кыйынчылыктар аркылуу да ырайым кыларына ишениши абдан маанилүү.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (347-348-беттер).