30-июнь
Ишенимди бекемдеген кыйынчылыктар
Жон Пайперден насаат сөз
«Бир туугандарым, башыңарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла. Анткени сыналган ишенимиңер чыдамкайлыкты жаратарын билесиңер».
Жакып 1:2-3
Кандай гана кызыктай угулбасын, азап-кайгынын эң негизги максаттарынын бири – бул олку-солку болбос ишенимге ээ болуу.
Ишеним булчуңга окшош: аны болушунча тырыштырсак, ал алсырабастан, тескерисинче бекемделет. Жакып ушундай ойду айтып жатат. Ишенимибизге бир нерсе коркунуч туудурса, аны сынаса жана сынып калчудай деңгээлге чейин ага каршы күч колдонсо, анын натыйжасында дагы да туруштук берген күчтүү ишеним жаралат. Жакып муну чыдамкайлык деп атайт.
Кудай ишенимди ушунчалык жакшы көргөндүктөн, аны таза жана бекем сактоо үчүн, сынып калчудай деңгээлге чейин сыноого салат. Мисалы, 2 Корунттуктар 1:8-9-аяттарда айтылгандай, Ал Пабылга ошондой кылган:
«Бир туугандар, Асия жеринде башыбызга түшкөн кыйынчылык жөнүндө билишиңерди каалайм. Өтө оор, адам чыдагыс кыйынчылыкка туш болгон элек, тирүү каларыбызга да үмүттөнбөй калганбыз. Өзүбүздү өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардай сезген элек. Бул кыйынчылык өзүбүзгө таянбай, өлгөндөрдү тирилткен Кудайга таянышыбыз үчүн болду».
Бул аяттардагы акыркы сүйлөмдө айтылгандай, мындай өтө оор кыйынчылыктын максаты болгон: Пабыл өзүнө жана өзүндө болгон каражаттарга таянбастан, Кудайга – тагыраак айтканда, өлгөндөрдү тирилткен Кудайдын ырайымынын убадасына таянышы үчүн, ушундай жагдайга туш болгон.
Кудайга биздин бүт жүрөгүбүз менен ишенгенибиз жагат, ошондуктан, эгерде зарыл болсо, Ал өз ырайымы менен бул дүйнөдө биз таянганга азгырылган эмне гана болбосун, анын баарын – алтургай өмүрүбүздүн өзүн да алып салат. Биздин ишенимибиз дагы да тереңдеп, дагы да бекемделип, Анын Өзүнөн башка эч нерсеге муктаж, же көз каранды болбошубуз үчүн, Ал ушундай кылат.
Кудай биздин да забурчуга окшоп: «Асманда мага Сенден башка ким керек? Жерде да мага Сенден башка эч нерсенин кереги жок. Денем да, жүрөгүм да алсырады, бирок жүрөгүмдүн жөлөгү, түбөлүк үлүшүм – Кудай», – деп айта алышыбызды каалайт (Забур 72:25-26).
«Келечектеги ырайым» китебинен алынган (347-бет).