29-июль: Ишеним үчүн азап чегип өлгөндөргө болгон Кудайдын планы

Jakshy Kabar Media

29-июль: Ишеним үчүн азап чегип өлгөндөргө болгон Кудайдын планы

29-июнь
Ишеним үчүн азап чегип өлгөндөргө болгон Кудайдын планы
Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондо алардын ар бирине ак кийим берилди жана аларга: “Кызматташтарыңар менен бир туугандарыңар да силердей болуп өлтүрүлүп, белгиленген санды толуктаганга чейин, дагы бир аз убакыт тынчтана тургула”, – деп айтылды».

Аян 6:11

Дээрлик үч жүз жыл бою машаякчылардын каны көп төгүлгөн жерлерде машаякчылык жакшы тараган.

Рим падышасы Траяндын убагына (б.з. 98-жылга) чейин куугунтуктоо мыйзамсыз болгон, бирок ага уруксат берилген. Траяндан Децийдин убагына (болжол менен б.з. 250-жылга) чейин куугунтуктоо мыйзамдуу болгон. Ал эми машаякчыларды жек көргөн жана аларды өзүнүн реформаларына тоскоолдук кылат деп корккон Децийдин убагынан 311-жылы машаякчылыкты мыйзамдуу кылган жарлык чыкканга чейин, куугунтук мыйзамдуу гана болбостон, империянын бардык жерлеринде жалпы коом тарабынан колдонулган.

Бир жазуучу аталган доордогу жагдайды төмөндөгүдөй сүрөттөгөн:

Бардык жерлердеги жыйындар катуу коркунучта жашаган; ал эми коркутуулардын айынан ишенимден баш тарткан адамдардын саны… абдан көп болгон. Бирок ишенимден баш тартпай, багынбай, азап тартып өлгөндөр да аз болгон эмес; куугунтук канчалык кеңири тарап, канчалык күчөгөн сайын, машаякчылардын жигердүүлүгү жана туруштук берүү, же каршылык көрсөтүү күчү да барган сайын ошончолук көбөйө берген.

Ошентип, үч жүз жыл бою машаякчылар ишеним үчүн өз жашоолорун, мал-мүлкүн жана үй-бүлөлөрүн чоң тобокелге салышкан. Ошол убакта адамдын эмнени көбүрөөк сүйөрү сыналган жана ошондой сыноонун эң жогорку денгээли азап чегип өлүү болгон.

Ал эми азап чегип өлө тургандардын белгиленген саны бар экенин айткан Кудай ошол жагдайды Өзүнүн кудуреттүү бийлиги менен башкарып турган. Азап чегип өлгөндөр жыйынды негиздөөдө жана күчкө толтурууда өзгөчө иш аткарат. Алар «адамдар телегейи тегиз болуп турган кезде гана Кудайга кызмат кылышат» деп кайра-кайра айткан шайтандын оозун жабууда өзгөчө иш аткарган. Аюптун китебинин 1-бөлүмүнүн 9-11-аяттарында шайтан ушундай ойду айтат эмеспи.

Ишеним үчүн азап чегип өлүү кокустуктан болгон нерсе эмес. Ал Кудай байкабай турган жерден, капысынан боло калбайт. Күтүүсүздөн болгон нерсе да эмес. Ошондой эле, аны Машаяктын ишине каршы урулган чечүүчү сокку жана ишенүүчүнүн жеңилүүсү деп атаганга такыр болбойт.

Бир караганда бул жеңилүүдөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул – эч бир адамдын оюна келбеген же эч бир адам ойлоп таба албаган, асман падышачылыгынын планына тиешелүү болгон бир нерсе. Кудайдын толук жетиштүү болгон ырайымына ишенүү аркылуу аягына чейин чыдаган адамдардын жашоосунда бул план ийгиликтүү түрдө ишке ашат.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (342-343-бет).