28-июль: Эмне үчүн биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз?

Jakshy Kabar Media

28-июль: Эмне үчүн биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз?

28-июнь
Эмне үчүн биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз?
Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам күндөн-күнгө жаңыланууда. Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат. Анткени биз көрүнгөн нерсеге эмес, көрүнбөгөн нерсеге назар салабыз. Көрүнгөн нерсе убактылуу, көрүнбөгөн нерсе болсо түбөлүктүү».

2 Корунттуктар 4:16-18

Жашы өтүп бараткан Пабылдын көздөрү мурункудай курч эмес (анын үстүнө ал убакта көз айнектер болгон эмес). Анын кулагы да мурункудай жакшы укпай калган (ал убакта угууну жакшырткан шайман болгон эмес). Токмок жесе, мурункудай бат эле бутуна туруп кете албайт (ал убакта тез айыкканга жардам берген дары-дармектер да болгон эмес). Мурункудай шаарларды кыдырып басып жүрө бергенге анын дарманы да калбай калды. Бетинде жана мойнунда бырыштар көбөйүп баратканы да байкалат. Эске тутуусу да мурункудан начарлап баратат. Мындай абалы анын ишенимине, кубанычына жана тайманбастыгына коркунуч туудурарын ал мойнуна алат.

Бирок ал көңүлүн чөгөрбөйт. Мунун себеби эмнеде?

Көңүл чөгөрбөгөнүнүн себеби анын ички адамы күндөн күнгө жаңыланып тургандыгында. Бул кандайча болот?

Пабылдын жан дүйнөсүнүн жаңылануусуна себеп болгон нерсе – өтө таң калыштуу нерсе: ал көзү менен көрө албаган нерсени караганы үчүн, ушундай болот. «Анткени биз көрүнгөн нерсеге эмес, көрүнбөгөн нерсеге назар салабыз. Көрүнгөн нерсе убактылуу, көрүнбөгөн нерсе болсо түбөлүктүү» (2 Корунттуктар 4:18).

Пабыл көңүлүн чөгөрбөө үчүн, ушундай кылат: көрүнбөгөн нерсеге назар салат. Ага эч нерсе көрүнбөгөн болсо, анда ал эмнеге назар салган?

Анын катын андан ары окусак, 2 Корунттуктар 5-бөлүм 7-аятта ал мындай дейт: «Анткени биз көргөнүбүз боюнча эмес, ишенимибиз менен жашап жатабыз». Бул анын караңгыда эмне бар экенин билбей эле, алдыга чуркай бергенин билдирбейт. Кеп эң баалуу жана эң маанилүү нерселер азырынча биз жашап жаткан дүйнөдө эмес, көзгө көрүнбөгөн дүйнөдө болгондугунда.

Мындай көрүнбөгөн нерсеге биз жакшы кабар аркылуу «назар салабыз». Көрүнбөгөн нерсеге – Машаяк менен бетме-бет көрүшкөн адамдардын күбөлөндүрүүлөрүндөгү объективдүү чындыкка назар салганыбызда, жүрөгүбүз кайраттанып, рухубузга дем толот.

«Ыйса Машаяктын жүзүнөн жаркырап көрүнгөн Өз улуулугун билдириш үчүн Өзү жан-дилибизге нур болуп жанды» (2 Корунттуктар 4:6). Жүрөгүбүзгө төгүлгөн бул нурду жакшы кабар аркылуу көрөбүз.

Биз өзүбүз байкаган болсок да, байкабаган болсок да, ушул нур төгүлгөндө, Машаякка ишенип калганбыз. Андыктан көңүлүбүздү чөгөрбөө үчүн, Пабылга окшоп жүрөгүбүзгө гана көрүнгөн нерсеге назар салып жашоону улантышыбыз керек.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (358-359-беттер).