27-июль:Денелик курмарларга каршы күрөшпөсөк, эмне болот?

Jakshy Kabar Media

27-июль:Денелик курмарларга каршы күрөшпөсөк, эмне болот?

27-июнь
Денелик курмарларга каршы күрөшпөсөк, эмне болот?
Жон Пайперден насаат сөз

«Сүйүктүү бир туугандар, силер бул дүйнөдө жолоочу жана келгинсиңер, ошондуктан силерден өтүнөрүм, жаныңарга каршы күрөшкөн дене кумарларынан качкыла».

1 Петир 2:11

Бир жолу ойноштук кылып жүргөн эркек бир тууганды ашкерелегенимде, анын жагдайын түшүнгөнгө аракет кылып, андан аялына кайтып барууну өтүндүм. Анан ага: «Бул күнөөгө каршы өзүңдүн көзүңдү оюп саларчалык деңгээлде олуттуу күрөшпөсөң, анда тозокко түшүп, түбөлүккө азап чегесиң» – дедим.

Өзүн машаякчы эсептеген ал адам өмүрүндө эч качан мындай сөздөрдү укпагансып, мага ишенбегендей карады да, мындай деди: «Муну менен адам куткарылуусун жоготуп коюшу мүмкүн экендигин айтып жатасызбы?»

Ушундай жагдайлар аркылуу бир чындыкка жеке өзүм кайра-кайра күбө болдум: көрсө биздин куткарылуубуз азыркы жашообуздан такыр көз каранды эмес деп ойлогон жана Ыйык Китептеги эскертүүлөрдү көрмөксөңгө салган машаякчылар көп экен. Ушундай ой жүгүртүү, өздөрүн машаякчы эсептеген мындай адамдардын кулагын Ыйык Китептеги эскертүүлөрдү укпай турган кылып коёт. Менин оюмча, машаякчылык жашоо жөнүндө ушундай түшүнүккө ээ болгон миңдеген адамдар өздөрүн алдап, туңгуюкту көздөй кеткен кенен жолдо бара жатышат (Матай 7:13).

Ыйса кумарлуу каалоолорго каршы күрөшпөй турган болсок, Асман Падышачылыгына кире албай турганыбызды айтат: «Эгерде оң көзүң сени күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер. Он эки мүчөң бүт бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн биринен гана ажыраганың жакшы» (Матай 5:29). Бул аяттар чыныгы машаякчылар ар бир рухий согушта жеңишке жетерин айткан жок. Кеп дайыма ийгиликтүү болууда эмес, чечкиндүүлүк менен күрөшүү керектигинде болуп жатат. Күнөө менен достошпошубуз керек. Ага каршы согуш жарыялашыбыз керек.

Себеби бул биздин тагдырыбызды чече турган нерсе. Мындай кылбасак, бул дүйнөнүн алыска жеткен миңдеген бомбалар менен жардырылганынан да, же террорчулардын биздин шаарды жардырып салышынан да, же климаттын глобалдык жылышынын мөңгүлөрдү эритип салышынан да, же СПИД оорусунун бүт элдерге жугушунан да чоң болгон зыянды тартып калышыбыз мүмкүн. Аталган балээлер адамдарды денелик жактан өлтүрүшү мүмкүн. Бирок биз кумарлуу каалоолорго каршы күрөшпөсөк, анда түбөлүккө жаныбыздан ажырап калабыз.

Петир дене кумарлары биздин жаныбызга каршы күрөшөрүн айтат (1 Петир 2:11). Мындай күрөштөн тарткан зыян дүйнөлүк согуш же терроризмдин коркунучунан алда канча салыштырылгыс деңгээлде чоң. Элчи Пабыл «ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болуп эсептелген дүнүйөкордукту» атагандан кийин: «Ушундай иштерди кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат», – дейт (Колостуктар 3:5-6). Кудайдын каары дүйнөдөгү бардык элдердин бириккен каарына караганда алда канча салыштыргыс деңгээлде коркунучтуу.

Кудайдын ырайымы бизге өзүбүздүн жана башкалардын жандарына олуттуу мамиле кылып, денелик кумарларга каршы күрөшүбүздү улантканга жардам берсин.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (331-бет).